БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ
Бул баарынан мурда ошол тарыхый жана реалдуу окуялардын негизинде кыргыз элинин чыгармачылык генийинен жаралган, улам такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн бошонуп, керектүү, зарыл жаңы кошумчаларды кабыл алып, тулку боюна сиңирип өзүнүн бүгүнкү көз кайкыган бийиктигине жеткен көркөм чыгарма. Ошондуктан бул чыгармада кадимки кадыресе жашоо тиричилик менен катар, акыл жеткис укмуштуу фантастика, тарыхый окуялардын алыскы чагылышы менен катар, шумдуктуу миф табийгый түрдө бирге, жанаша жашайт. Аларды биринен бирин ажыратууга, бөлүп алууга болбойт. Алар бирине бири өтмө катар чырмалышкан.
Элдин көркөмдүк аң-сезими аркылуу муундан-муунга, укумдан-тукумга өткөн «Манас» эпосу, ошентип, бышып жетилип, чыңалып, күчүнө толуп турган кезде бизге, биздин күнгө туш келди. Бул анын зор тарыхый бактысы. Болбосо ким билет, эпос эмес, эпосту жараткан эл улам бир трагедиядан бир трагедияга учурап, азаюудан-азаюуга бараткан. Улуу Октябрдын жаркыраган таңы менен кыргыз эли капарына келбеген жаңы дүйнөгө туш келип, анын бирден-бир перзенти «Манас» эпосу сөздүн түз маанисинде да, каймана маанисинде да кайрадан жаралды. Улуу эпос эми өзүнүн экинчи өмүрү, түбөлүк өлбөс өмүрү, китептин өмүрү менен жашоо дооруна өттү. Ошентип, бир мезгилде ооздон оозго өтүп, уруудан урууга гана белгилүү болгон зор эстетикалык окуя өзүнүн накта көркөмдүк наркына ээ болуп, дүйнөлүк маданияттын алтын казнасына түздөн-түз келип кошулду.
Тарыхый көз караш менен караганда «Манас» эпосу башка эстетикалык өлчөмдүн негизинде, башка талап, башка тарыхый-турмуштук шартта жаралган. Ага бүгүнкү күндүн адабиятынын көркөм жана идеялык максаттарын коюуга, ага бүгүнкү күндүн адабиятынын законченемдери менен мамиле жасоого болбойт. Ошондой болсо да эпос биздин күндөргө жеткирген тарыхый чындыкты жана көркөм чындыкты бүгүнкү күндүн тили менен, түшүнүктөрү менен түшүндүрүүгө жана аныктоого толук болот. Эмне үчүн, кеп ушунда.
Байыркы доордо, дүйнөлүк маданияттын кербен жолунан алыста, обочодо, айрыкча тарыхый шарттар менен, өзүнчө бир аймак менен чектелген кырдаалда жаралган бул эпос бизге эмнеси менен, кандай асыл заты менен баалуу? Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырыптоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу.
Эпос ырдаган, эпос даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясы менен бүгүнкү биз түшүнгөн эркиндик, көз каранды эместик идеясынын ортосунда ички маани-мазмуну боюнча асман-жердей айырма бар. Бирок, бизге эпос дал ошонусу менен баалуу, дал ошонусу менен кымбат, анда элдин эркиндик жөнүндөгү идеалы, философиясы, имандык чен-өлчөмдөрү бузулбай, «таралбай», ошол жаралган калыбында жеткендигинде. Албетте, эпос деген — эпос. Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет. Мындагы эң маанилүү башкы маселе — «Манас» эпосунун түпкү нукура идеясы миң жылдар бою ар түрдүү тоскоолдуктарга, кысымдарга учураганына карабастан өзүнүн наркын коротпой биздин улуу заманга жеткенинде. Бул — эпостун майтарылгыс күчү.
«Манас» эпосу — бийик гуманизмге сугарылган эпос. Мындай деп айтыш бир караганда парадоксалдуу угулушу мүмкүн. Анткени, эпос баштан-аяк согуштук жүрүштөргө, чабуулдарга, кандуу кыргынга негизделген. Мындайынча жөнөкөйлөштүрүп айтсак, Манастын бүт өмүрү согушта, чабуулда өтөт. Ал өзүнүн эң акыркы жүрүшүнө акылман аял Каныкейдин каршы болгонуна карабастан жөнөйт. Ушул жолку кыргында Манас өзү катуу жарадар болуп (ал ошондон акыры каза табат) кырк чоросунан бүт айрылды «Манас» эпосу ушундай финалына, жыйынтыгына карабастан, бийик гуманизм идеясын бекемдеген, адамды сүйүү, адамды баалоо коом турмушунун эң бийик имандык нормасы экенин бекемдеген дүйнөлүк гениалдуу эпостун катарына кирет.
Эпосту жараткан элдин акылмандуулугу көркөм чыгарманын трагедиялуу финалынан эле даана сезилип турат. Мындай кайталангыс финал улуу чыгармага гана мүнөздүү жана жарашыктуу.
Манастын өлүмү жана кырк чоронун кырылышы айтып бүткүс трагедия. Азыркы тил менен айтканда Шекспирдин талантына шайкеш трагедия. Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушунда.
Илимий терминология менен айтканда «Манас» эпосун баатырдык эпостун катарына кошушат. Бул чындыкка туура келет. Ошондой болсо да эпос караманча согуштук жүрүштөрдү гана баяндап, даңазалап чектелбейт. Эпос камтыган окуя, турмуш өтө кеңири жана ар түрдүү. Ал кадимки тиричилик ырым-жырымдан баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Аш, той, каада-салт, айтор, адам турмушуна, тилегине, умтулуу-максатына тиешелүү окуялардан сүрөттөлбөй калган эч нерсе жоктой. Башкасын айтпаганда деле, Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн каада-салт эмне деген эстетикалык мааниге ээ. Дал ошол көркөмдүктүн күчүнөн улам байыркы турмуштук көрүнүштөр өзүнүн кадыресе этнографиялык алкагынан чыгып, адамдык адилеттүүлүктү, акылмандыкты даңазалаган терең философиялык жыйынтыктоолорго келет.
Эпостун бийик гуманизми, имандык сабагы андагы таасын тартылган Аялдын сонун образынан эле сезилет. Ал гана эмес бүгүнкү күндүн эстетикалык талабы, түшүнүгү менен эле мамиле этсек, эпостогу Аял анчейин ишмер, колунан көөр төгүлгөн уз гана эмес, эң оболу ал — өзүнчө сын көз карашка ээ болгон индивид, инсан, ошону менен бирге ал жоокердин теңтайлаш шериги, акылман кеңешчиси, баатырдыгынан да кем калбаган жан жолдошу. Ошол түнт заманда, дүйнөлүк маданий прогресстен сырткары шартта таралган элдин эпосунда аялга ушундай баа берип, аялдын акылын, ибаатын, ишмердүүлүгүн, баатырдыгын романтизациялаган көркөм чыгармага азыр да таң калбай кароого мүмкүн эмес.
Арийне, эпостун көркөмдүк структурасын, укмуштуу сүрөттөөлөрдүн табыятын, бир чети куудул сөздөн башталып, бир чети трагизм менен аяктаган татаал стилдик кубулуштардын ички сырын ачып, чечмелеп көрсөтүү — адабиятчы-фольклорчунун жумушу. Мен, биерде, азырынча жазуучу катарында гана жалпы адабиятка түздөн-түз тиешем, катнашым бар болгондуктан гана «Манас» эпосу сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүлөрүнө жатарын айтпай коё албайм. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, кол жазмадан окуганда бир учурга тамшанып, таң калбай коюуга болбойт. Ал мындай.
Эпосто баатырлар, чоролор, дөөлөр сүрөттөлөт, алар минген тулпарлар сүрөттөлөт, алардын ар биринин курал-жарактары, жоокер кийими сүрөттөлөт. Эпосто ошондой эле ар түрдүү аялдар сүрөттөлөт. Алардын иштеген иши, даярдаган буюмдары, сайган саймаларынан тартып, сырткы кебете-кешпирине чейин сүрөттөлөт. Эпосто толуп жаткан согуштук эпизоддор, баатырлардын жекеме-жеке беттешүүлөрү сүрөттөлөт. Жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынан тартып, адамдын ички кайгы-кубанычына чейин сүрөттөлөт. Мына ушунун баарын манасчыдан угуп отуруп, же жазылып алынган кол жазмадан окуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң. Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтылган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө.
«Манас» эпосунун мазмундук жана көркөмдүк гармониясын айрыкча манасчынын аткарып жаткан процессинде, айрыкча, унутулгус Саякбай сыяктуу улуу манасчы аткарып жатканда сезесиз. Бул учурда эпостун, маселен, алсак, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Алмамбеттин арманы сыяктуу атактуу окуялар гана эмес, ар бир сөз, ар бир ыр сабы, ар бир тирада манасчынын не бир кыймыларакети, үнү сырткы кубулуштары менен айкалышып, ушулардын баары бир асыл заттан жаралгансып, ажырагыс бирдикти түзөт. Мына ошондо «Манасты» угуп отуруп, анын не бир кооздук-асылдыгына моокуң канып, ошол жазуусу жок, жазуу маданиятынан алыс шарттарда, кыргыз эпосу ушундай таңгаларлык көркөмдүк жарашыкка, сөздү, музыканы, театрды өзүнө бириктирген гармонияга кантип жетти экен деп ойлойсуң. Мына ушул укмуштуудай көркөмдүк гармониянын касиетинен улам эпосто сүрөттөлгөн Кошой, Жолой, Макел дөөлөрдөн тартып, Манас баштаган чоролорго чейин, Бакай карыядан тартып, акылман Каныкейге чейин, Коңурбайдан тартып, Көзкамандарга чейин белгилүү турмуштук шарттарда жашаган тирүү кеипкерлердей көз алдыбыздан тартылып өтөт.

