«Өнөрдүн алды кызыл тил» деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Чоң кеменгерлик менен айтылган нерсе — эмне гана болбосун, адам тарабынан жасалган ар бир кыймыл, аракет, бүткөн иш жана чектелген максат алды менен адамдын аң-сезиминен даярдалып чыгат. Сөздөн, ойдон башталып, адамдын ар түркүн жетишкени тажрыйба катары кайра ойго, сөзгө келип бекемделет, аң-сезимди байытат.

Азыркы мезгилде сөз сапаты күтүлбөгөн тездик менен сапаттан-сапатка, баскычтан-баскычка дүркүрөп көтөрүлүп жатат. Илимдеги, техникадагы, коомдук турмуштагы чукул өсүштөр, кубулуштар инсанаттын*1 ой жүгүртүүсүн күндөн-күнгө шаштыртып, түгөнгүс информациянын дайрасында утурлатып барууда. Ушундан келип чыккан көрүнүш — жаңы маданияттын таасири табийгый түрдө кылымдардан бери келаткан сөз өнөрүнүн калыптарын «бузуп», ал турмак, анын классикалык эрежелерин дагы жаңылантууга, түрдөнтүүгө алып келди? Көркөм адабияттын философиялык, имандык*2 маңызынын барган сайын тереңдеши адам жарык келечекке, прогресске умтулуусун сүрөттөө эң маанилүү, эң зарыл борбордук маселеге айланышы — бул биздин күндөрдүн талашсыз белгиси.

Ошондой болсо да, элдин генийинен жаралган көркөм сөз өнөрүнүн не бир асыл заттары байыркы туңгуюктан бери карай оор, узак сапар тартып, өзүнүн наристе нукуралык сапатын коротпой, биздин күнгө жетип, бүгүнкү күндүн реалдуу көрүнүшү катарында кабыл алынат. Дайыма кыймыл-аракеттин, дайыма жандуу организмдин касиетине ээ мындай баа жеткис асыл зат өткөн маданий эстеликтин чегинен чыгып, түз эле азыркы учурдун талабына шаймашай жооп берген жандуу эстетикалык кубулуш катарында элдин реалдуу руханий асылдыктарына келип кошулат.

Кыргыз элинин улуу мурасы — эпикалык традициясы мына ушундай баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалим. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдагы белгилүү алман немец филологу Якоб Гримм: «Биздин тилибиз — бул биздин тарыхыбызда», — деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз — биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар. Ушул жагдай, ушул шарт эпостун ар түрдүү тарыхый, турмуштук багытта өсүп-өнүгүшүнө алып келген. Маселен, «кенже» эпос деп аталган поэмаларды алып көрөлү.

Адам жана табияттын сыйкырдуу күчтөрү жөнүндөгү «Төштүк», адам жана жаратылыш жөнүндөгү «Кожожаш», социалдык-турмуш жөнүндөгү утопиялуу «Кедейкан», романтикалуу сүйүү жөнүндөгү «Олжобай менен Кишимжан» эпостору улуу «Манас» эпосуна карата гана шарттуу түрдө кенже эпос деп аталат. Болбосо булардын ар бири өзүнчө зор дүйнө, түгөнгүс байлык.

Бирок, кантсе да кыргыз элинин мына ошол байыркы ата мурасынын эң туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Чынында да «Манас» жомогу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатат.

Сөз жок, «Манас» эпосунда реалдуу турмуш, тарыхый окуялар (кыргыз элинин тагдырына байланыштуу) чагылганы талашсыз. Ал турмак, эпостун келип чыгышы да белгилүү бир тарыхый кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, «Манас» тарыхый санжыра эмес.
--------------------------
1* Инсанат — инсан (адам, личность), инсанат — жалпы адам баласы (человечество).
2* Имандык — нравалык.