Конок кылып жаткырды,
Колунан келген даамыны
Конок ашын тарттырды.
Айылга душман келди деп
Аркасынан Манастын
Алты киши чаптырды.
Кайтамын деп ашыгып,
Кабарга келген Тизелик
Ат токунду түзөлүп,
Азыр Манас келээр деп
А күнү кайра жаткырды.
Барды Манас баатырга
Алты киши чапкылап,
Ала-Тоодо жүрүптүр
Аң кийигин кубалап.
Тоонун издеп бийигин
Тозмолоп атып кийигин,
Кырга чыгып алыптыр,
Кыйкырып айгай салыптыр.
Тоого чыгып алышып,
Тозгун, бер жак кийик деп
Дооштоп айгай салышып,
Аңга кызып калыптыр,
Айгайды бийик салыптыр.
Арстан Манас баатырга
Атасы Жакып жиберген
Алты азамат барыптыр:
Баатыр келдик мында деп,
Байкап сөздү тыңда деп,
Ашыгып келдик мында деп,
Айткан сөздү тыңда деп,
Алоокеден кол келип,
Аябай черүү мол келип,
Калааны басып карк толуп,
Калабасы көп болуп,
Караса карап берсин деп,
Карабас болсо бир жолу
Казат кылып аттанып
Кармашар жерге келсин деп
Элчиси келди элге деп,
Эндиреп сүйлөп энтелеп,
Жүрүңүз деп эртелеп,
Айылга келди арачы,
Алооке буйруп ийиптир
Алып кел ден Манасты.