Яндекс.Метрика

Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши

Кең Жылдыздын керүүсү,

Кызыл кыргын, чоң согуш

Болуп кеткен жери ушу.

Тулпардын баары жулкунуп,

Ээлиге чаап, булкунуп,

Баатырлар күндүз тынч албай,

Чырм этип уйку ала албай,

Көзкаман сексен, берки кырк

Бет алышып урушуп,

Арбашкансып айрылбай,

Ай талаада турушуп,

Аттар өлсө, талаадан

Ат олбушуп минишип,

Тирелише келишип,

Тик качырып урушуп,

Арыстан Алмаң көйкашка

Кайыптан алган жай ташты

Дубалап сууга малды эле,

Жылаандан алган жай ташты

Бир жан аяк кара суу

Тиер-тийбес кылды эле,

Булут аты бууракан

Мунун атын чакырып,

Күндү жайлап турду эле,

Ээрдин кашын каккылап,

Үзөнгүнү чапкылап,

Асманга карап Алакең,

Үч кыйкырып, үч үйлөп,

Калмагынча калдырап

Кытайынча балдырап,

Үч жол мөңкүп алды эле,

Аябай жайды салды эле,

Асмандан булут сабалап,

Жерди булут камалап,

Асмандан булут бириндеп,

Жер бетин көздөй зирилдеп,

Бөксөнүн баары мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Караса, көзгө илинбей,

Дүнүйө жүзү жөө туман,

Кайсы экени билинбей,

Ала канчык шыбыргак*,

Жер бузулуп тыбырлап,

Кокту-колон жер менен

Үйөр* агып, сел каптап,

Жайдын күн муздап кыш болуп,

Кийими жука Көкчөкөз

Кылтылдаган кыз болуп,

Кабылан Алмаң күн жайлап,

Кактээр айла табалбай,

Калмактарда шор кайнап,

Байдын уулу эр Бакай,

Аргын кандын Ажыбай,

Акбалтанын Чубагы,

Улакандын Сыргагы,

Ырамандык Ырчуулу,

Үзүктөй калпак эр Шууту

Минишип тулпар алабаш,

Качырып колду салды эми

Кырк чоро баары аралаш.

Ошол кезде Көзкаман

Кайнап көзү тунарып,

Кара бою суналып,

Сыргакты көздөй найза уруп,

Желмогуздай жутунуп,

Келип калган кезинде,

Сырттан Алмаң бакырып,

Манастап ураан чакырып,

Куштай учуп жетти эми,

Жеткен жерден эр Алмаң

Көзкамандай балбанды

Көмө коюп өттү эми.

Кек тулпарды бир салып,

Ойкуманы колго алып,

Кайран Бакай абакең

Көзкаманга жеткени,

Жеткен жерден камандын

Башын кесип өткөнү.

Ошондо Көккерикке камчы уруп,

Көңүлү жаман бузулуп,

Көкчөкөз чыкты күүлөнүп,

Күпө-күпө сүйлөнүп:

"Чала мангул ит эле,

Бул бурутка жетейин,

Азып келген Какандан

Алмамбет башын кесейин.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.