Яндекс.Метрика

Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши

Ээр белдей белеске

Из чалган Бакай акылман

Эңкее барып көрдү эми,

Мыйыгынан күлдү эми.

Камандар добулбасын чалыптыр,

Дуулдап кызып калыптыр.

"Манасты сойгон ойну" - деп,

Калмактары былкылдап,

Катуу бийлеп алыптыр.

Кабылан Бакай келгенин

Кароолдо турган Желдейбоз

Алдыртан байкап билиптир.

Астындагы тулпарга

Камчы басып, бакырып,

Көзкаман, Көкчөкөзүнө

Кирип барды жапырып.

"Казып койгон ор келди,

Кайран жанга шор келди.

Күндөп-түндөп жол тартып,

Качалы десе болбойсуң,

Камчыланар кез келди.

Ай, Көзкаман, оңбойсуң!

Чоролор чечер жүгүңдү,

Өлдү деген Манас шер,

Көрсөң, бүгүн тирилди.

Кызырлуу Манас шер келди,

Кыстоону тартып сойлойсуң,

Албаңдалдаң ал десем,

Бадирегим* болбойсуң!

Баарыбызды кырдырдың.

Ай, Көкчөкөз, оңбойсуң!

Ай, Көкчөкөз, Көзкаман,

Олжо кыз албай, ойрон бол!

Эптүү кыз албай, энеңди ал!

Мен көргөндү көрдүңбү?

Эсирип жаткан кесек, ит,

Мен билгенди билдиңби?

Салынган тоонун уурчуктан

Салаңдаган тумшуктан,

Айырмаштай кысыктан

Оргуган калың чаң чыгат,

Оргуган чаңды карасам,

Көк тулпар келет аркырап

Көк тулпардын үстүндө

Көрөсөн Бакай олтурат.

Анын арка жагынан

Зорлугу тоонун теңиндей,

Кезешкенди жегидей,

Сандаган жоону шаштырган

Сарала багып ат кылган,

Атагын уккан чочуган,

Ата канат шум дүйнө,

Өзү ажайыптан окуган,

Астынан туман бөлүнөт,

Ал Бакайдын артынан

Алакең келет көрүнөт.

"Анын артын карасам,

Ач кыйкырык куу сүрөөн,

Ала булут, көк бургак,

Асты жагы болгон жаан,

Ары чети жөө туман, -

Алмамбеттин жайы экен.

Абайлагын, Көзкаман,

Бу куугундун ичинде

Кабылан Чубак бар экен.

Уруучу буркан урат го,

Каарына алса, Манасы

Улак кандын Сыргагы

Уйпалап, жанчып кырат го?

Күндүзү бүркөк, түнү ачык

Күндүн кую бузулду,

Көкүтүп келген камандар,

Бизге көрсөтөрүң ушубу?".

Желдейбоз айтып турган соң,

Көзкаман, Көкчөкөзүнө

Жетип кабар кылган сон,

Ашып-шашып чамданып,

Жоо-жарагын камданып,

Каңгайдан келген кылычты

Кынынан сууруп, шайланып,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.