Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Капилетте сөз тапкан,

Караңгыда көз тапкан,

Ойронуң Бакай кайдасың?

Акбалта уулу Чубагым,

Кең көкүрөк чунагым,

Кесепет Көкчөкөздөргө

Сенин керилип тиер убагың

Сарала сындуу ат минген,

Сары жаргак шым кийген,

Түпөгү жок найза алган,

Жанына жалаң кылыч байланган,

Жортуул жүрсө кылчайбас,

Сен жобобогон* шер элең,

Жолу алыс кара калмактын

Сен жолун билчүү эр элең

Кыраан Алмам, көк жалым,

Кысталаң башка түн түштү,

Кызыр чалган Манаска

Кылчайбай тозок күн түштү.

Кайгуулду чалбай кайгырдык,

Кабыландан айрылдык!!

Кыраанымдын пайдасын,

Качан көрөм кабылан

Алакемдин айласын!

Кыркышып кетер чак келди.

Кызырлуу, Алмам, кулак сал,

Кырылышаар тап келди!

"Кечээ сунгандан кайра тартпаган,

Сумсайган жоодон качпаган,

Кара болот кыргагым,

Кабыланга уялаш

Кайраты артык, Сыргагым,

Кебелбеген шер элең,

Кайрандын көзү жумулса,

Ордуна калар сен элең.

Бээжинге качты, көч алчы,

Белсенип чыгып сайышып,

Тетиги беш камандан  өч алчы!",

Оюнду бузуп тебелеп,

Ойнотуп турду Кыргылчал

Кырк чорону жемелеп.

Кыргылчалдан кеп угуп,

Көкчөкөз жетип түбүнө,

Каканга качты - деп угуп,

Ашып-шашып жүгүрүп,

Жоожарагын шайланып,

Найза, мылтык, кылычын

Шапа-шупа камданып,

Асаба колдо калкылдап,

Өткүр болот Зулпукор

Чоролордо жаркылдап,

Азаматтын баарысы

Талас өрдөп жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Аты-тонун аябай,

Кээ бир жерде кырк чоро

Үзөнгү кагып жарышып,

Кээ бир жерде кырк чоро

Тегиз тулпар кей кашка

Оозу менен алышып,

Улуу-Тоолоп жол жүрүп,

Камбыл Бакай абаңыз

Өзү баштап мол жүрүп,

Эчки-Өлбөстүн Эки-Чат,

Ошого ашып кирип жатты эми;

Кырк чорого эр Бакай

Эми кымбаттуу сөзүн айтты эми:

"Келген бир качкын конгонбу?

Атаңдын көрү, кырк баатыр,

Сенин керектүү маалың болгонбу?

Бул жерге жоголгон качкын

                                             конгонбу?

Кырк чоро, жорткондо жолуң

                                             болгонбу?

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.