Яндекс.Метрика

Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши

Салып турат шамалды.

Артык ыкчыл Көкчөкөз

Кылып турат амалды

Бирөөн - бирөө шыкаалап,

Дал келтирип аталбай,

Баары балбан баатырлар

Бирөөнө - бирөө баталбай,

Желмогуздай Көзкаман

Жеткилең белин буунган,

Каңгайга барып туулган,

Бээжиндеги суу кудук*

Алты ай барып жуунган

Көзкамандын түрүнөн

Көргөн адам чочуган,

Калмактардын илимин

Калтырбастан окуган.

Бул ажайыптан дуба окуп,

Атагын уккан титиреп,

Кармаша албай дит багып,

Канчалар качкан бытырап.

Жар чакырып, жүйө айтып,

Жакындап келди Көзкаман.

Туура кара ташка окшоп,

Турпатын көрсөң эң жаман.

"Кан Манастын кырк чоро,

Атыңдын оозун буруп бер.

Жекеме-жеке сайышка

Жетигиң чыгып туруп бер!

Мени сайып сен алсаң,

Кайра Таласка жетип коноюн,

Тун букараң болоюн;

Ак буудай унун чайнайын,

Мындан кийин алак иттик

                                          кылбаска

Айтып антым кармайын.

Сени сайып мен алсам,

Каканга барып коносуң,

Жылбай жайыт сактаган

Менин түбөлүк кулум болосуң!

Белги кылып бир жерди,

Жер өлчөөлөп калалы,

Кырк чорого кырк төрөм

Жеке согуш салалы!".

Кабылан Бакай муну угуп,

Калмакка дөөмөт берди эми,

Кара кытай, манжуунун

Айтканына көндү эми.

Манас кандын кырк баатыр

Кайсы бирөө адашып,

Кээ бирөөнү карасаң,

Жекеге "мен чыгам!" - деп

                                           талашып,

Найзаларын ийишти,

Тулпардан тандап миништи,

Көк темирден туулга

Көмкөрүп башка кийишти.

Кырк баатырды чакырып,

Кырааның Бакай акырып:

"Кагылайын, кырк чоро,

Кара мылтык карс этсе,

Качып шорум кайнатпа.

Чогоол мылтык чорт этсе,

Чочуп шорум кайнатпа!

Жетик ойло, кырк чоро,

Жекеге кимиң, барасың?

Жаралуу Манас баатырдын

Убалы, сообу болобу-

Милдетин кимиң аласың?

Кырк жерден келген кымбатым,

Сайышка кимин барасың?

Чаңды кимиң саласың?

Чамаңды чакта, кырк чоро,

Чабышка кимиң, барасың?

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.