Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Камбыл Бакай абаңыз

Өзү баштап мол жүрүп,

Эчки-Өлбөстүн Эки-Чат,

Ошого ашып кирип жатты эми;

Кырк чорого эр Бакай

Эми кымбаттуу сөзүн айтты эми:

"Келген бир качкын конгонбу?

Атаңдын көрү, кырк баатыр,

Сенин керектүү маалың болгонбу?

Бул жерге жоголгон качкын

                                             конгонбу?

Кырк чоро, жорткондо жолуң

                                              болгонбу?

Басканда багың ачылып,

Сенин бар күйүтүң чачылып,

Кара болот ок өтпөс,

Кырк кыраан, кие турган кез келди,

Качкындарды таандай,

Чоролор, тие турган кез келди.

Эс оодара токмоктоп

Эсен кандын алдына,

Баатырлар, кире турган кез келди!

Жүгөн катпай жайдактап,

Качкынды мине турган кез келди".

Бакайдын сөзү сөз болуп,

Баатырлар эми топтолуп,

Ырамандын Ырчуулу

Ырдап кепти салганы,

Төлгөчү кара Төлөгү,

Төлгөсүн тарта калганы:

"Кеткен качкын конуптур,

Келишкен жолуң болуптур".

Төлгө тартып, төп айтып,

"Төмөнкү качкын кутулбайт,

Туйгунуң   Манасың   келет" - деп

                                                         айтып,

Оозун жыйып алгыча,

Арт жагынан бакырып,

Акаяр менен Каныкей

Алыстан келе жатышат.

Айгай салып чакырып,

Ойрон жеңең Каныкей

Олоңдой болгон кайран чач

Төбөгө орой түйүптүр,

Кабыланыңдын эски бөрк

Башына баса кийиптир.

Кара жаак айбалта

Билекке кызай чалыптыр,

Кара болот нар кескен

Кынынан сууруп калыптыр.

Карагашка аргымак

Чап олоңун бек тартып,

Куюшканын узартып,

Оң-тетири камчы уруп,

Олбуй-солбуй теминип,

Качкындардын артынан

Сары изине чөп салып,

Саргара кууп алылтыр,

Куу изинен адашпай,

Кубара кууп алыптыр.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.