Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Чымындай куу жан чыркырап,

Жоо-жарактын баарысы

Айбалта тийип быркырап,

Кабылан Манас айынан

Катын башы кагышып,

Курган жеңен Каныкей

Калмактар менен салышып,

Карарып күйүп, ок жайнап,

Караан таппай, шор кайнап,

Казылуу чуңкур, ор болуп,

Кайнаткан мынча шор болуп,

Камандар камап турганда,

Тоо көтөргөн Акаяр

Жебеден мурун жеткени,

Айкөл Манас баатырды

Өңөртө салып өткөнү.

Ошондо Акаярдын сөзү бар,

Аңгеме айтат, кулак сал:

"Оолжуган төрөнү

Оодарып ийсең, жаман ат,

Айла тапкыч артыгым,

Айкөлүм сага аманат.

Бейпилсиз* итке кор кылбай,

Белинен кармап бүктөп кет,

Берен жеңем, Каныкей,

Береки курган Манасты

Бек жерге сөөгүн жүктөп кет!

Асыл жеңем, Каныкей,

Аккула атап союп кет!

Айкөлдүн көзүн көргөзбөй,

Бир арбактуу жерге коюп кет.

Аркар атсаң, жеп кеткин,

Атышта жалгыз, жолдош жок,

Акаяр өлдү деп кеткин.

Берен жеңем, эсен бол,

Берекелүү күбүңө*

Тууганың менмин деп жүрүп,

Сенин беш калмак жетти түбүңө!

Араң жан кылды абамды,

Аман бол, жеңе, байкасаң,

Сенин Көзкаман бышты сабаңды!

Жат кылды жомок ырыңды,

Бээжинден келген калмагың

Байкап билди сырыңды.

Аракка тоюп, ээлигип,

Айлыңды бузуп, жээлигип,

Тууганын болуп душманың,

Туура бир жеңе, Каныкей,

Сенин ичиңде калды бушманың.

Бастырганың кара кыя, кезең жол,

Кабыланың бердим аманат,

Кадыркеч жеңе, эсен бол!

Көп сөз айтып Акаяр,

Көк жалды Каныкейге берген жер.

Кыл муруту шыйпайып,

Кыйналып төрөң турган жер.

Караса, көзү көрө албай,

Кээде тилге келе алса,

Баатырың, кээде тилге келе

                                            албай,

Ашып-шашып Каныкей

Айкөлдүкармап, кабыштап,

Алганда туура өңөрүп,

Аккаңкыга табыштап,

Астында тулпар Аккула -

Этине келген бууданды

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Он-тетири теминип,

Акылдан артык шашты эми,

Алапайын табалбай,

Беш-Таштын башы Бек-Жайлоо,

Бек-Жайлоо көздөй качты эми.

Качып чыга бериште

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.