Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Алтын бурма чидерди

Алып келип баймактап,

Калмак ээрди жазданып,

Күн чыгышты баштанып,

Алп уйкуну салыптыр.

Күнү-түнү дебестен

Көшүлүп уктап калыптыр.

*  *  *

Муну мындай таштайлы,

Эр Манастын кырк чоро

Кылымдан ашкан кырк жоро

Андан кабар баштайлы.

Жылкыда тулпар алабаш,

Мөрөй тийип, ордо атып,

Жыргалдуу оюн ичинде

Алмамбет, Чубак аралаш.

Ушак шыбыр кеп угуп,

Калмактар алдап уу берип,

Эр Манас өлдү деп угуп,

Кырктын башы Кыргылчал,

Бузук сөздү ойлогон,

Миңдей бузуп ийсе да,

Кабылан Манас шериңиз

Муну бузду экен деп койбогон.

Карткүрөң ат канаты,

Кырк чоронун ар бири

Кезектешип кароолго

Чыга бермей адаты.

Кең Таластын боюна,

Жылгындуунун оюна,

Кайнардын кара көзүнө,

Как чынардын өзүнө,

Салып келип Кыргылчал

Көргөнүнө болду дал.

Мында какылдаган карга жок,

Куркулдап учкан кузгун жок,

Каныкейдин Аксарай,

(Анын каалгасы сом калай,

Сөлөкөтү, сөөлөтү

Келишимдүү бирдалай)

Каныкейдин сарайдын

Камандар түркүгүн сууруп алыптыр;

Кароолчудан алтымыш

Курмандыкка чалыптыр.

Там кайтарган кароолун

Такыр кырып салыптыр.

Уруучу кудай уруптур,

Өрт өчкөндөй кылыптыр.

Чынарын кыйып сулатып,

Түркүктү сууруп, кулатып,

Такыр чаап кетиптир;

Жөн эле дүмүрүн казып өтүптүр.

Муну көрүп Кыргылчал

Өкүрүгү баш жарып,

Кыйкырыгы таш жарып,

Мурутту булкуп ыргытып,

Сакалды жулкуп ыргытып:

"Уруучу кудай урганбы?

Же төбөсүнөн басканбы,

Уктап жаткан кезинде

Төрт түлүгүн чачканбы?

Айкөлүмдөн ажырап,

Мени аныктап кудай урганбы?

Кыйрынан тийген эмедей,

Кырк чоро каран калганбы?

Долоно саптуу айбалта,

Толгонтпой аны ким аштайт,

Тоо-тоодо жаткан кыргызды

Тоздуруп ийбей ким баштайт?!"

Манастап тынбай бакырып,

Каныкей таппай чакырып,

Капа болуп кайгырып,

Кабыланынан айрылып,

Өкүрүгү токтобой,

Орду-ордуна келди эле,

Ордун байкап көрдү эле,

Ордодо жаңы топурак,

Жалгыз аттын жолу бар,

Акаярды камаган

Беш балбандын ору бар.

Ор кашында бакырып,

Үстүнөн чыкты Кыргылчал

Акаярдап чакырып.

Өлөр-өлбөс жан менен,

Өлүп кетер ал менен,

Жаткан экен Акаяр,

Отуз жерден жара жеп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.