Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Как үңкүрдүн тумшукта,

Кузгун жетпес борчукта

Баатырды багып жатыптыр.

Манаска берген ошол уу

Кырк жыл койгон ачытып,

Тийсе, болот жабылат,

Ичмек тургай адамдын

Сырт жагынан даарыса,

Ичинде өтү жарылат.

Кабылан көк жал Манастын

Аңкоолугун байкаган,

Тынбай тартып ийсин - деп, Амалга

тууган ал калмак

Аракка кошуп чайкаган.

Ажал жетип кетпеске

Жерден себеп издеди. 

Оролмо тоону чалдырып,

Элден себеп издеди.

Себеп болчу дарыдан

Миң түрдүүсүн алдырып.

Уйпачы ууну жандырып,

Уу ичкен Манас аны ичсе,

Ооруган жери басылат,

Умачтай көзү ачылат.

Күчтүүлүгүн көргөнү,

Кашыкка өлчөп бергени.

"Өө" деп Манас окшуса,

Өжөк-өжөк* заар кетип,

Жеңекеңден ал кетип,

Дарынын уусу басылып,

Арыстан Манас баатырдын

Умачтай көзү ачылып,

Илдет уу жаман кезигип,

Айкөл шериң ошондо

Өлгөндө араң мал болду

Кырк жеринен тешилип.

Тешикке себеп болот - деп,

Ичтеги заардың баарысын

Тышын көздөй сорот - деп,

Кысырактын кырк байтал

Күнүн баарын сойдурду,

Казысын бузуп, ойдурду.

Жеңекең минтип жөлөгөн

Арыстаныңын денесин

Алтымыш күнү болгуча

Казыга күн-түн бөлөгөн;

Эптүүлүктү билгизген,

Кыйналып кырк бир күн багып,

Айкөлдү атка мингизген.

*  *  *

Муну мындай таштайлы,

Азап салган Көкчөкөз,

Арамдан кабар баштайлы.

"Берен Манас өлдү, - деп, -

А дүйнө жүзүн көрдү" - деп,

Ойлонуп ойго алыптыр,

Казына чачып мүлк алып,

Бузукту мыктап салыптыр.

Кез келгенди бүктөптүр,

Кең казына, сары алтын

Качырына жүктөптүр;

Салышып жүргөн Акаяр

Кыргызга тилчи болот деп,

Өлтүрбөй байлап алыптыр,

Кырк аркан бою зынданга

Тирүүлөй аны салыптыр.

Көтөрмөнү ашыптыр,

Суусамыр бойлоп басыптыр,

Кароолун мыктап каратып,

Уктаганын сабатып,

Ашып, шашып, жол тартып,

"Айкөлдү союп койдук" - деп,

Күндүз жүрбөй, түн катып,

Капсалаңды жакалап,

Кара кырлап, бакалап,

Эчки-Өлбөстү эңкейип,

Эки чат конмок болуптур.

Имерилип туруптур,

Ошол күнү Көзкаман

Коңгулбоз атын жайдактап,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.