Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Бир изин жаза баспаган,

Чуу укканда бүлүнгөн,

Тулпарлык сыны көрүнгөн,

Кетмен туяк кен соору,

Керишке минер мал экен.

Салгылашкан жоо келсе,

Сайышка минер мал экен.

Башына нокто катыңыз,

Баркын билген адамга

Багын ачып сатыңыз.

Жал-куйругун чубалтып,

Жүрүүчү жылкы турбайбы,

Кызыл кандуу кыргынга

Минүүчү жылкы турбайбы.

Кызыл найза кылычка

Кыйнап минер мал экен,

Айлап жылдап согушка

Сынап минер мал экен.

"Бул жаныбар Кулатай

Байтал бээнин кулуну,

Кара жылкы дулдулу.

Кашка тиши болоттой,

Чаткы аягы кең экен,

Табылгылуу колоттой.

Тулпар экен, оолугат,

Кырк аркан бою зынданга

Азыр салып койсоң да,

Таалайлуу эрге жолугат".

Карачага ошондо

Канча сынчы муну айткан,

Куланын жайын куп айткан.

"Мойнуна чылбыр салыңыз,

Ат арытып, жол чалып,

Ит агытып, куш салып,

Болжолдуу ээсин табыңыз.

Тартуусу далай мүлк болот,

Тайманбастан алыңыз.

Бул Кулатай союлгур,

Бел байлаган белдики,

Бендеден артык туулган

Медер болчуу шердики.

Деген сөзгө көнүңуз,

Ээсин таап бериңиз".

Карача канга муну айтып,

Сынчы айлына кетиптир;

Жыл он эки толгондо,

Карачанын калкына

Каатчылык жетиптир.

Карачанын көп нойгут

Нан таба албай зарланып,

Төрт түлүк малын чачыптыр.

Чама чарчап, ал кетип,

Туш-туш жакка качыптыр.

Журт чуркурап калганы,

Аштыган чегиртке талап басыптыр.

Тулпар туяк Кулатай

Жаңы асыйга толду дейт,

Нойгуттун каны Карача

Тартар кези болду дейт.

"Сөзүмө кулак салыңыз,

Баарын берип буудайдын,

Аккуланы алыңыз.

Куланы алсаң колуңа

Кыялың өсүп чечилет,

Кырсыктын баары кесилет.

Чалгынга минсең чарчабайт,

Оорукка минсең, оорубайт,

Атышка минсең, арыбайт,

Артык тулпар мал ошол.

Кайыптан бүткөн тулпардын

Ээси, кабылан Манас, сен ошол.

Сага кармашкан адам оңбосун,

Катылган аман болбосун.

Жолуң шыдыр, шар болсун,

Жолдошуң кызыр, эр болсун.

Аккула семиз ык болсун,

Жалгыз башың көк жалым,

Өзүңө тете кырк болсун!".

Деп ошентип Манаска

Баба дыйкан кезигип,

Батасын берип койгону.

Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Жанындагы аксакал

Көздөн кайым болгону.

Ошондо Манас ойлонуп,

Астындагы Аймаңбоз

Ээрин алып жайдактап,

Айдай сары талаага

Коё берди баймактап.

Аккаңкыны жазданып,

Керме-Тоону баштанып,

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.