Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Булгаары тердик, көнжелдик

Жамбашына салынып,

Алтайдан келген ок өтпөс

Айкырынан жамынып,

Ач болотту жанга алып,

Жумган көзү ачылбай,

Сунган буту тартылбай,

Алп уйкуну салды эми.

Коржоңдогон баатырың

Корулдап уктап калды эми.

Таң сөгүлүп калганда,

Жерге жарык тийгенде,

Ничке жолду төтөлөп,

Келе жатат Карача

Токсон нарын жетелеп,

Түсү качып, түн катып,

Эли карып, эң ачка,

Акылынан бек шашып,

Атбороюн* сыдырып,

Ай ааламдын баарысын

Аштык издеп кыдырып.

Асмандан жылдыз бириндеп,

Таңдын муздак жели дирилдеп,

Көрсө көңүл бөлүнөт,

Кырдай кызыл ак буудай

Ай талаада көрүнөт.

Нойгуттар көзүн салды эле,

Эл кубанып, чуу туруп,

Буудайга жакын барды эле:

Ал буудайдын ээси бар,

Жаалы катуу, жар кабак

Жанында Манас дөөсү бар.

Сыягы бөтөн, заары күч

Бул баатыр эми ойгонсо,

Буудай эмес, Карача,

Кайран жандан күдөр үз.

Карача кечээ нойгутка

Баргандардан кеп уккан,

Анжыяндын калктары

Артык дыйкан деп уккан.

"Нарларды олжо кылбасын,

Ачууланса кокустан,

Адамдын баарын кырбасын.

Адамдан бөлөк түрү бар,

Кайгуулда* жүргөн шер белем,

Азыгын камдап абыдан,

Бууругуп жаткан эр белем.

Обурагы* артык жан экен.

Оң жагында жолдошу

Арылдап жанын жаланган,

Ач арыстаны бар экен.

Арыстан тийсе, оң кылбас,

Айкырып турса бул адам

Баарыбызды соо кылбас.

Ачкалыктын жапаасын

Көргөнү келген экенбиз.

Ачка болуп дан издеп,

Өлгөнү келген экенбиз.

"Бузулган экен биздин түш,

Кыргын болсок талаада,

Кылымда болбойт мындай иш.

Уйкудан өөдө тургуча,

Бизге моюн бургуча,

Жарагын алып тургуча,

Жаалында ишти кылгыча,

Жан соога баатыр мына деп,

Баш калкалап туралы.

Не десең да сага - деп,

Байтал бээнин кулуну -

Кара жылкы дулдулу -

Асый чыкма Аккула

Бул арыстандын алдына

Тартуу кыла салалы.

Бекер карап турбастан,

Бек акылды кылалы.

Жан соогалап алалы.

Минтпей койсок, жигиттер,

Канткенде аман калалы?!".

Карача канга сөз айтып,

Кашында турду карысы,

Кыргын тийген эмедей,

Атынан кыйрап түштү баарысы.

Билегинен сап кетип,

Жүрөгүнөн кап кетип,

Төөнү айлана жүгүрүп,

Саксалаңдап карысы,

Айласы калбай антаңдап,

Карача башчы баарысы.

Бул айтканың акыл деп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.