Яндекс.Метрика

Манастын атасына таарынып кетип, аштык айдаганы

Андышкан жоого салышсаң,

Бек азаптуу доолорго

Бет алышып барышсаң,

Жер өлчөөсүн алышсаң,

Жекеге чыга сайышсаң,

Айкырып найза сунганда,

Бет алышып турганда,

О, ботом, астыңдагы боз атың,

Бейбелчеги бир тутам,

Бечелдик сыны бар экен.

Согончогу бир тутам, -

Сополдук сыны бар экен,

Көкүл силкип, баш чайкап,

Жашыктыгы бар экен,

Бакандашып сайышса,

Качкы сыны бар экен.

Жол жорголуу кылтылдак,

Алты ай сапар жол чыксаң,

Бул атың жүрбөй калат былкылдап.

Жет-Кайт минип, жол тартсаң,

Жетимиш күнү тукатсаң,

Желбес түрү бар экен.

Ак асаба туу болсо,

Айгайлаган чуу болсо,

Башын чулгуп ,аралап,

Кирбес түрү бар экен.

Кайраттуу куйрук жал эмес,

Кармашсаң капа кылбасын,

Кармашка минер мал эмес

Аманат жанга күч келип,

Аңдыган душман бут келип,

Айкырып найза сунганда,

Айгайга кулак тунганда,

Бет алыша турганда,

Ээр белдей белести

Ашпай койчу мал экен.

Эсил жанга күч келсе,

Ээн калган боз атың

Баспай койчу мал экен.

Чычаары тар чочконун

Чабалдык түрү бар экен.

Бардыгып баспай калуучу

Жамандык түрү бар экен

"Дегениңе көнөмүн,

Аман болсоң көк жалым,

Мен сага ата болуп беремин.

Балам, Манас, тилимди ал,

Акылга артык баталы,

Анжыяндын боз талаа

Күн мезгили алты айга

Кош курашым жаталы

Ат семирип ык болуп,

Алты ай мезгил толгуча,

Эр семирип бук болуп,

Ай талаа бетин жайлайлы,

Аштыкты мыктап айдайлы.

Толкутуп аштык алалы,

Толукшуп жатып калалы.

Кетмендеп жерди ачалык,

Колдо турган иш экен,

Кабылан Манас чырагым,

Кочуштап тукум чачалык.

Тилимди алып, кулунум,

Кош жетелеп коржоңдоп,

Буурусунду кармайлык.

Кара кылды как жарып,

Орток аштык айдайлык.

Аштык бышар алты айда,

Ошол аштык бышканча,

Боз талааны жайлайлык!".

Абышка айткан ал кепке

Кубанды Манас баатырың.

Колдон келер оокат деп,

Күп көрдү чалдын акылын:

"Кетмендеп жерди оёюн,

Кең-кесири тоёюн.

Куу дүйнө жыйып, мал күтүп,

Не муратка  жетейнн.

Андан көрө мен эми

Аштыкчы болуп кетейин.

Карыянын тилин алайын,

Ушул туран Боз-Талаа

Орток эгин салайын.

Ороо толо даны бар,

Казан толо наны бар,

Кадимки дыйкан болоюн!".

Ошол көргөн чал менен,

Кайыптан чыккан жан менен

Убаданы бек кылды,

Кудай дешкен кеп кылды.

Айта-буйта дегинче,

Ачыи көзду жумгуча,

Түгөнгөн тоонун урчуктан

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.