Яндекс.Метрика

Манастын атасына таарынып кетип, аштык айдаганы

Кең Таласка келгенде,

Малга күндүү карысын

Жыйган экен бул Жакып

Өзү билгендердин баарысын.

Ок өтпөгөн тон кийген,

Ок жетпеген ат минген

Оён келди Манаска.

Миңди көрсө шашпаган,

Миңден жүдөп качпаган

Жолборс келди Манаска.

Багалектен алышкан,

"Балтырдан чапчып чалышкан,

Жан аяшпай чабышкан,

Бука моюн, буура сан

Балбан келди Манаска.

Азамат келсе алкынган,

Ат күлүгүн мингизди.

Баатыр чором менин деп,

Манас тон мыктысын кийгизди.

Жылкыдан тандап бээ союп,

Баатырың зыяпатын арттырды.

Сары казы, кыйма жал

Манас коногуна тарттырды.

Ала-Тоону айланып,

Аркар атып байланып,

Минтип көөнү жайланып,

Күндө күлүк таптатып,

Күндө жарак чактатып,

Балбандары чалышып,

Баатырларын карасаң,

Ат үстүнөн алышып,

Кара күчү карт толуп,

Кабыландын чоросу

Өңкөй баатыр кырк болуп,

Жаткан экен эр Манас

Ата-конуш жер болуп

Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас.

Баатыр Манас үйүнө

Атасы Жакып күүлөнүп,

Кирип келген кези экен,

Каарланып сүйлөнүп:

"Уулум, Манас, өлсөңчү!

Өрттөнгүр уулум өлдү деп,

Омолто кырып малымды,

Ушу жерге көмсөмчү!

Менин кетирди кудай алымды,

Жеп-ичкенче жоготтуң

Менин жер жайнаган малымды.

Укпай койдуң сөзүмдү,

Сороктоп чаап көрүнгөн

Күндө басат өзүңдү.

Ажал жетпей, күн бүтпөй, Адырмактын куланын

Мен куумак болмок экемин,

Балалуу болдум деп жүрсөм,

Куубаш болгон экемин.

Санаамдан кеткис чыр кылдын,

                                                  Манас,

Сан караны миң кылдың, Манас.

Аты жокко ат берип,

Тону жокко тон берип,

Картайып калган кезимде

Мушкулду мага сен кылдың,

                                                  Манас

"Кайнаган түмөн мал кайда,

Өндүрдүү Алтай жер кайда?

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.