Яндекс.Метрика

Манастын Олуят чалды буктогону

Кең Анжыян кыдырып, 

Керме-Тоону сыдырып,

Жүрүп келет баатырың,

Булутка тийип баштары,

Бозоруп жаткан асканы

Көрүп келет баатырың.

Аралады Алайды,

Ангеме кылды далайды.

Көсөл төрө көк жалың

Көңкү* кыргыз жерлерин

Көрбөгөнү жарайбы.

Уккан менен көргөндөн,

Оёнуң Манас көп уккан,

Обурагы дүң болгон

Олуят чалды көп уккан.

Көөнүнө жакса айтмакка,

Көрүп кайра кайтмакка,

Чалгындаган кези экең   .

Жолборсуңдун бул жакка.

Чоң-Кайкаңды караса, -

Жайнап жаткан көп мал бар.

Ополду жалгыз ээлеген

Олуят деген бир чал бар.

Келген менен кеткендин,

Ошол жолдон өткөндүн,

Олуят бата бердим деп,

Он киши болсо, жүргүзбөй,

Бир атын алчу бергин деп.

Кирекечтен төө алып,

Мал кайтарып жөө алып,

Мен олуя деп айтып,

Ошондой сөздү көп айтып,

Олуямын дегенде.

Батасына мал берип,

Олуя колдойт экен деп,

Алтын, күмүш, зер берип,

Кирекечтер келайтып,

Жүздөн бир деп нар берип,

Өткөн, кеткен тайыптыр,

Ошентип жүрүп Олуят,

Обу жок кыйын байыптыр.

Олуяттын жанында

Отуз, кырктай эшен бар,

Кошоматка сүйлөгөн

Он чактыдай чечен бар,

Дүйнө малы нечен бар.

Дөө сыяктуу жалгыз чал,

Жалгыз-жарым өткөндөн

Жан адамга билгизбей,   

Койчуга алган далайды.

Кул ордуна жумшады,

Олуят күттү малайды.

Кабылан төрө айкөлүң

Алдыга чыкты жол чайлап*,

Аркасынан карасаң,

Алпы, дөөсү бүт жайнап.

Ополдун тоосу бийик тоо,

Алыстан башы көрүнгөн,

Ак булутка чөмүлгөн.

Өзөндүү шибер өндүр саз,

Жердеп турган эли аз.

Арыстан Манас, айкөлүң

Дүрбү салып жер көрдү,

Түрмөктүү ашуу бел көрдү,

Өзөнүнөн тал көрдү,

Өрүшү толгон мал көрдү,

Боз ордонун ичинен

Болкойгон семиз чал көрдү.

Ат минбеген жөө көрдү,

Адамдан кыйын дөө көрдү.

Сакалы көлдүн камыштай,

Жакжайылып алыптыр,

Бел курчоого барыптыр,

Селкилдеген сакалын

Ак аралап калыптыр.

Тээ күдүрөйгөн көп караан

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.