Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Кошой доого келиши

Көрүшүүгө камынып.

Кошойду көрүп кырк бала,

Темир таман үзөнгү,

Теппей ыргып түштү, дейт,

Колун алып бооруна

Абасын көздөй басты, дейт.

Кер кабылан булкунуп,

Үстүндө Кошой умтулуп,

Тике алдынан чыкты, дейт.

Ошондо Кошой кеп баштайт,

Кеп баштаса, эп баштайт:

"Он эки мүчөң тең кылган.

Алла таалам шер кылган,

Көрбөсөм да, болжоймун,

Көкүлүмдө ойлоймун,

Жалгыз уулу Жакыптын,

Балам, Манас, эсенби?

Кашатка тиккен тал барбы?

Калың журтун издебей,

Калмакта жүрөр жан барбы?

Эми, каран күн, кек жал, эл кайда?

Баатыр туулдуң кытайда,

Башынан келбей бул жайга,

Безип жүрөр жөн барбы?!

Мээнет күн, Манас, эл кайда?

Көчө чыгып Алтайдан

Жериңе качан коносуң?

Аз гана кыргыз элиңе

Эми качан караан болосуң?!

Ээсиз калган элиңди

Качан ээлеп аласың?

Алтайда жүрүп кагышсаң,

Жал-куйругуң такыр жок,

Бир балаага каласың.

Келе, Манас, колуңду,

Кубандым бүгүн десемби?

Курдашым, Жакып, Акбалта,

Кургурларым эсенби?".

Ат үстүндө Кошойго

Асылып Манас көрүшүп,

Кучакташты өбүшүп.

Кан Манастын кеби ошол,

Кабылан абаң Кошойго

Айтып турган жери ошол:

"Абам, Кошой, карыям,

Айла тапкыч, олуям,

Өйдө турсам, өбөгүм,

Ылдый тартсам, жөлөгүм,

Астыга салсам, ак жолум,

Аркамда жүрсө, сан колум,

Абакебиз эр Кошой -

Сиз окшойсуз, болжодум.

Абакем Кошой чын болсоң,

Кагышка кирем, тонуң бер,

Пир туткан пириң болом деп,

Билимдүү Кошой колун, бер!

Маңдайга чыксам, барааң бол,

Баатырым, абам, караан бол!

Азабы болду өзүңдө,

Арамы болду көзүңдө.

Ачууланып Эсен кан,

Алмак болду өзүмдү.

Чалгайы турду сөзүндө,

Чалгырты турду көзүндө,

Чамасы келсе Эсен кан,

Чалмак болду өзүмдү.

Кытай түмөн*, кыргыз - аз,

Айлы кандай конуучу,

Кара кылам мен кимди?

Айла кандай болуучу?".

Ошондо Кошой абаңдын

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Угуп жаны чыдабайт,

Көзүнүн жашы төгүлүп.

"Кокуй күн, Манас, не дейсиң?

Бул кебиңди ким уксун?

Бир караңгы түн уксун!

Жүр, чырагым, болбосо,

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.