Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Кошой доого келиши

Айкырык салып жетет ко,

Таш коргонуң талкалап,

Кум коргонуң кулатып,

Такыр кырып кетет ко,

Кыргынды мыктап салат ко,

Кылычтап башты алат ко!?".

Ошол кезде эр Кошой,

Сакчы күтүп, эл жыйып,

Балбандарын тең жыйып,

Атбашыда Чеч-Төбө,

Чеч-Төбөнү жер кылып,

Туура тарткан Кара-Тоо,

Мындан кароол каратып,

Баатыр Кошой абакең,

Эрендерди жыйнатып,

Колдун баарын жаратып,

Кабарчыдан кеп угуп,

Катуу жан келет деп угуп,

Улук Кошой карысы,

Уйгу-туйгу түшүшүп,

Жыйылган колдун баарысы

Жоо-жарагын алышып,

Берен Кошой баш болуп,

Белести тосуп калышып,

Белгилүү Кошой караса,

Аймаңбоз тулпар мингени,

Ок өтпөс торко кийгени,

Зордугу тоонун теңиндей,

Каарына алса, жегидей,

Аймаңбоз минип болкоёт,

Накери бутта чойкоёт.

Ошондо Кошой кеп айтат,

Кеп айтканда эп айтат:

"О, ботом, аты угулуп, көп

жүргөн,

Эми качан келер деп жүргөн,

Курган Жакып жалгызы,

Кудуреттин пендеси,

Кыргыз журттун ырысы,

Түнөрүп катуу жоо келсе,

Түз кирип найза сунуучу

Жоо кетпесе, бел чечпей

Эл четинде туруучу

Манас шердин өзү экен,

Өзү турмак Манастын

Караган кара көзү экен.

Тууган, караан, жер издеп,

Адам, туйгунум, келген кези

экен.

Аңкаган Манас табылар,

Аңдыган жоом чабылар,

Алакандай кыргыз журт,

Абийриң минтип жабылар.

Көрүнөө кудай бериптир,

Калкың эстеп, тилеген

Кабылан Манас келиптир.

Нойгуттардын Акбалта,

Кабарын кыраан айткан го?

Ат арытып, жол чалып,

Арыстан эр бери тарткан го?".

Муну Кошой айтканы,

Эр Кошойдон бөлөгү,

Аттан түшүп, чуркурап,

Сүйүнгөндөн буркурап,

Тизеси жерге бүгүлүп,

Уйгу-туйгу жүгүрүп,

Өөдө-төмөн дүргүшүп,

Антаңдашып далай алп,

Этегине мүргүшүп,

Кубангандан бакырып,

Кубанчына чыдабай,

Манастап ураан чакырып;

Алдуулары төө союп,

Баа бединге жалынды,

Баатыр Манас келди деп,

Той кылууга камынды.

Журтума минтип келген сон,

Опол-Тоодой чалкайып,

Чоң муруту калкайып,

Чоң абаң Кошой даңкайып,

Ак сакалы жаркылдап,

Абаң Кошой ошондо

Келгин каздай каркылдап,

Жоо-жарагын шайланып,

Ач-Албарс кылыч байланып,

Алтын жаак, ай балта

Билекке кынай чалынып,

Билимдүү Кошой абаңыз,

Астынан чыкты Манастын

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.