Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Кошой доого келиши

Коргонду көздөй баралы,

Конуп кепке каналы.

Каран калган кыргыздын

Бир айласын кылалы!".

Абасы  мындай деген соң,

Эми Манас аттанып,

Кылыч чапчу немедей,

Кырк баласы чактанып,

Кошой, Манас ээрчишип,

Коргонго келип калганда,

Ат үстүңөн көтөрүп,

Арыстан Манас баатырды

Алптар, дөөлөр алганда,

Баатыр Манас балага,

Токсон кара буканы,

Кескилетип жиберип,

Берген экен садага.

Алтындан соккон чоң кисе

Мойнуна абаң салынып,

Койнуна жашы куюлуп,

Жаратканга жалынып,.

Барбаңдай басып, төтөлөп,

Менсиз аппак бир бээни,

Берениң Кошой жетелеп,

"Маңдайдагы бараанды

Маана кылып берипсиң,

Бала Манас кыраанды!",

Деп ошентип абаңыз

Эми аянбай бата кылганы.

Кыраан Манас баланын

Өмүрүн тилеп турганы.

Эми сүйлөсүн Кошой абаңыз,

Аңгемесин караңыз:

"Таалайга бүткөн жан болсоң,

Таап ал Талас жериңди.

Күтүп алгын, кулунум,

Күрдөлдүү кыргыз элиңди!

Эми менин жайым сурасаң,

Жетик белим курчанып,

Жер жайнаган манжууга

Жеке кирип кол салып,

Манжуу каптап келгенде

"Калбаймын!"- деп тутулуп,

Көйкаптын тоосун бет алып,

Качып кеттим кутулуп.

Кыйрымдан чалгын чалдырдым,

Кыйындардын баарысын

Кытайга белек алдырдым.

Жетимиш күнү аралап,

Качпаса кантти абакең,

Жетимиш жерден жара жеп.

Толкуган калмак, мен жалгыз,

Томукту жара ок тийип,

Ошондо толгоно алба калганбыз,

Эми ал күндүн несин айталык,

Селбип минер буудан жок,

Серпинип кирип, кол салсам,

Караан болор тууган жок.

Кече кара калмак, манжуу журт

Көчүүдөн чапты көчүмдү,

Келберсиген кытайдан

Алалбай келем өчүмдү.

Талаадан чапты көчүмдү,

Дардайган кара калмактан

Ала албай келем өчүмдү.

"Будурду тиктеп, белди издеп,

Бууданым, сендей шерди издеп,

Ала-Тоону жакалап,

Кас буудандын* баарысын

Кайра баштан такалап,

Бекерге жатып албадым".

Кырааным качан келет деп,

Кулагымды салгамын.

Тууган үчүн, журт үчүн,

Кыйратып кыргын салсам деп,

Акбалта, Жакып, эр Манас

Дарегин таап алсам деп,

Ошону ойлоп жүргөмүн;

Шер экени чын болсо,

Келетко деп билгемин.

Келбесең, издеп барууга

Дарексиз кеткен туугандын

Бир дарегин табууга,

Азган-тозгон кыргыздын

Эрлерин жыйып алгамын,

Ат-Башынын Чеч-Төбө

Мекен кылып тургамын.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.