Яндекс.Метрика

Т

Тага - таяке.

Тайбас - эң кыйын жырткычтын бир түрү.

Таканак жүн - куштардын бутундагы жүнү.

Талмазар - мазардын аты.

Танык - күбө.

Таңшаң - жердин аты.

Тарак - казак элинин бир уруусу.

Тасма - эчки, текенин   чийки  терисинен жасалган кайыш, көк; тасма бел, кыпча бел — кыз, келиндерге салыштырма.

Татай көтөк! - апей көтөк! (чочуганда айтылат).

Таш - 8 километрге барабар өлчөө.

Тебит чөл - Борбордук Азиядагы бир чоң чөл.

Тегереген - тегеренген.

Тел болгон - башы маң болгон.

Темир тирек - термелбеген, нык.

Тепкир-коомат - намаздын окула башталгандыгы жөнүндө кулактандыруу.

Терес-Маёо - эпосто Текес өлкөсүнүн мурунку аты.

Тинте – шамшар, канжар

Тирсек - 1) көздүн сурмасына чыга турган ысык; 2) толорсук.

Торко - баалуу жибек кездеменин бир түрү.

Төбөсүнө калмактын ташын тага көр - бөркүнө тагынуучу төрөлүк белгисин тага көр.

Төгөрөк - чартарап, айлана.

Тул - 1) өлгөн кишинин үйүнүн жасалгаланышы; 2) күйөөсү өлгөн аял.

Туулга - баатырлардын жоого кийүүчү темир бөркү.

Түмөн - он миң.

Түпөк - найзанын учундагы чачы.

Түрк - өсүп жетилип калган.

Тынар - 1)  куштун бир түрү; 2) жөлөк, таяныч.

Тыргоот - Синь-Цзяндагы калмактардьш бир уруусу.

Үбөлүп - талкаланып, кыйрап.

Үзүп-үзүп алдырып  - ат чалдырып.

Үйөр - жаз келгенде мөнгү бузулуп, суунун катуу агышы.

Үйшүң - казак элинин бир уруусу.

Үлпөт - биргелешип тамак ичүү.

Үп - үй мүлкү.

Үч-Арал - Иледарыясынын баш жагындагы жер.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.