Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу
"Кандай жүргөн адам" - деп,
Капарга алган тири жан жок.
Алардан бетер кырданып,
Айбатын салып сурданып,
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Төрө Манас үстүндө,
Дөөкүрсүгөн көй баатыр.
Кыргыл, Бакай кары бар,
Кыйындардын баары бар.
Арыстан Алмаң ошондо
Аты менен келүүгө,
Айтып салам берүүгө
Бастырган бойдон барыптыр.
Атына сылай камчы салыптыр.
Эшикке жакын барганда,
Элүү кадам калганда,
Ээрчий келген бешөөнүн
Эт жүрөгү былкылдап,
Эч аргасын табалбай,
Эстери чыгып кыпылдап,
Эшигине Алмамбет
Жакын жетти чукулдап.
Чыдай албай Ажыбай,
Бастырып чыйрак барганы,
Баатыр Алмаң кыраандын
Чылбырынан алганы:
"Кадамыңыз кут болсун,
Каалап мында келипсиз,
Калың кыргыз журтуна
Карашуучу шериксиз,
Улук да болсоң, - ушул жол,
Биздер үчүн кичик бол,
Каары катуу каныбыз,
Ат менен салам берсеңиз,
Калбас тирүү жаныбыз.
Кесилип кетер саныбыз.
Айтканынан кайтпаган,
Алдынан чыгып турса да,
Ажалдан башын тартпаган,
Өкүмү эки болбогон,
Өчтөшкөнү оңбогон,
Өкүмү күчтүү төрөбүз,
Өткүрлүк кылсаң, тил албай,
Биз, өзгөчө кордук көрөбүз.
Жардыгы жалгак болбогон,
Жамандык кылган - оңбогон,
Жаалы катуу төрөбүз.
Жаалдык* кылып койсоңуз,
Жайыбыз ушул, өлөбүз!
"Кылыгын адам биле албас,
Кыйыгы тутса, тил албас,
Кыйын эрдин бири ушул.
Жоругун адам билбеген,
Жоомарт эрдин бири ушул.
Жоо дегенде бууруккан,
Жолборсуңдун түрү ушул.
Аттан түшүп алалык,
Ыгы болсо, көк жалга
Ызат кылып баралык,
Эби болсо баатыр?" - деп;
Эптүү Ажың айтып кеп.
Алмаңды алды жылоодон,
Кол тийген соң жылоого,
Козуп кетип эскиси,
Алакең кирди ойлоого:
"Карып болгон кандырмын,
Кара жез болгон зардырмын*,
Кайгылуу болгон жандырмын,
Төмөн болгон төрөмүн,
Мурунтан ишим бузулган,
Муну кимден көрөмүн.
Баары кудай ишидир,
Не болсо да эр Манас,
Көрүнөө болгон сыймыгы,
Көрүүгө башка кишидир".
Асталай басып барганы,
Салам берди заңк этип,
Арыстан Манас, эр Бакай
Алик алды барк этип.
Бөлөгүнө карабай,
Бөлөгүнүн баарысы