Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу
Абыдан анык көнбөйүн.
Азып келген бир кулдан
Арманда болуп өлбөйүн.
Ага-инимди чогултуп,
Аңгарып сөзүн көрөйүн.
Арамдыгы бар болсо,
Ал ант урган кулду көмөйүн!
Казактан чыккан ата уулу
Аяк башын жыйдырып,
Буудайбектин ак отоо
Мунун баарын сыйдырып,
Чоң үйдө болчуу чогулуш
Кичи үйгө жыйын жыйыптыр.
Буудайбектин отоого
Алтымышы араң сыйыптыр.
Караламан боз балдар
Катышпай турат сыртында,
Алмамбетке дос балдар.
Жалпы журт тышта калыптыр.
Эр Көкчөнүн үстүнө
Журт билчүүлөр барыптыр.
Күчтүү болсун арак деп,
Күчаладан салыптыр.
Үч элиге келтирип,
Үзүп-үзүп* алыптыр.
Ошондо үзүр айтып сөз баштап,
Көкчөңүз масчылыктан көз
жаштап:
"Чыгарыңар, жакшылар,
Чыр кылуучу ишим бар.
Ишене албай баарыңа
Чыгар-чыкпас жан менен
Коюп жүргөн кишим бар.
Алмамбет менен жакын дейт,
Акеркеч деген итим бар.
Айтыңарчы аныгын,
Аңдасам соодой көрүнбөйт
Алмамбет кулдун калыбын.
Эркектин көзү кербөсө,
"Э" - десе катын карганат.
(Эр Көкчө буга таң калат).
Чыгаргыла аныгын!
Айнытпай койгун мойнуна
Акеркечтин таныгын.
Арамдыгы чын болсо,
Азыр кармап соёлук,
Алалдыгы чын болсо,
Андай ар санаа сөздү коёлук!
Олтурган орчун бийлер, - деп, -
Оңой-олтоң иш эмес,
Олуттуу кепти сүйлө! - деп, -
Олуту жок сөз айтып,
Ойрон болуп жүрбө, - деп, -
Нарктуу кептен сүйлө, - деп, -
Калп сөздү курап айтам деп,
Азапка калып жүрбө!" - деп,
Эр Көкчө сурайт элинен.
Алтымышы адашпас
Алты жылдан бер жакка
Акылдашкан кебинен:
"Ар кимде бар акыл деп,
Айткан менен ишенбей,
Аянды Көкчө баатыр деп,
Алмамбетти Акеркеч
Ар качан алып жатыр дед,
Бир көрбөдүк, миң көрдүк,
Жүрөсүң Көкчө энебей
Сени биз жүк көтөрчүү пил
көрдүк.