Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу
Калк алынып кеткен соң,
Каңкайып куру каларбыз.
Караламан көпчүлүк
Алмамбет жүрөт жакшы, - деп, -
Айлынан качкан бу кытай
Адилет сөзүн айтты,- деп.
Казакты кудай урабы?
Каңгырап келген бир кытай
Калкты бийлеп турабы?
Казактын баары көчкөнү
Тайып кетип баратат,
Айдаркандын балдары
Байып кетип баратат.
Күйгүзүп ийсе күмүшүн,
Эсине эгер албас деп,
Катының жакын деп койсок,
Өлбөй тирүү калбас" - деп,
Арадан чыккан шумдардын
"Алдым", "жуттум" - куулардын
Алтымышы жыйылып,
Акылдашып алышты.
Көкчөнү Алмамбеттен айрууга
Кеңеш кылып салышты.
Көкчө чыкса жан жакка,
Көрмөккө барса мал жакка,
Тоого чыкса бийикке,
Ууга чыкса кийикке,
„Аңдып жүргүн баатыр,- деп,
Акеркеч деген катын,-деп,
Алмамбет менен жакын" - деп, -
Ар кайсысы айтып кеп,
Көкчөнүн көөнүн калтырды.
Көкчө келип үйүнө,
Көп аңдыды катынды.
Аңдып жүрүп ар качан,
Көрө албады акыры.
"Алмамбет сага жакын"-деп,
Акеркечти каардап,
Алда канча такыды.
Такыганда Акеркеч
Жүрөктөшү Көкчөгө
Дидаарлашып күүлөнүп:
"Не болдуң деп сүйлөнүп, -
Алмамбетти ким дейсиң?
Адамдын сырын билбейсиң!
Мен жактан салба кылмышын*
Ардактап ичип жүрбөйбү,
Ачыган казак кымызын.
Татып койбойт арагын,
Тазалыгын карагын!
Күндүк качат күнөөдөн,
Күбүр-шыбыр укпайбыз,
Куудуң-шуудуң кеп жүргөн
Ургаачынын бирөөнөн!
Көрө албаган көй* жаман
Артынан түшүп алыптыр.
Көкчө илгери болду деп,
Кадалып сага калыптыр.
Жигиттин тилин аларсың,
Жигиңди айрып саларсың.
Алмамбет кетип колуңдан,
Жинди болуп каларсың.
Чыгып келген кытайдан
Чычкандай бала турбайбы?
Көкчөнүн зайбы мен туруп,
Көңүл артсам ошого
Көрүнөө арбак урбайбы?
Кайын энелүү күйөөдөй
Карап койбойт өзүмө,
Кантейин сени кан Көчкө,
Каарланган сөзүңө?!
Кас душмандар биригип,
Кылганы жүрөт өзүңө.
"Алмамбет мындай дей албай,
Казактан арам жей албай,
Көкчө мындай дей албай,