Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы
Өлүм жакын өзүмдө.
Арыстан Манас экенсиң,
Ажал огу сайылып,
Турат экен көзүңдө.
Алтайдан берки жерди алдың,
Албан түрлүү эрди алдың.
Аягында келдиң да,
Алоокеге кол салдың.
Корктум салган колуңдан,
Уруксат болсо, өтпөйүн
Өзүңдүн баскан жолуңдан;
Куш кутулбас абада
Кылымга жайган торуңдан.
Жайдары Манас төрөсүң,
Жамандык келбес колуңдан!".
Кыйын экен Алооке, -
Кыйла сүйлөп кеп салды;
Аяр экен Алооке, -
Жанын тилеп жалбарды.
Каарын көрүп иш кылды
Кашында Манас кайбарды*.
Эми кыраан Манас кеп айтат:
"Мынча эмне кыстадың,
Эй, Алооке?! - деп айтат. -
Жалбарып жаның сурадың,
Жайыңды көрүп турамын.
Чакырсам эгер жинимди,
Кең Анжыян боорунан
Кетирбес элем бириңди,
Кесер элем тилиңди.
Чет Бээжинде жериңиз,
Түмөн кытай элиңиз.
Кытайды Манас тим койду,
Кыргыздын жерин жердөөнү
Алооке сага ким койду?
Капкайда жатыр жериңиз,
Калмак, маңгул элиңиз.
Калмакты Манас тим койду.
Атамдын жерин ээлөөнү
Аят ургур, сага ким койду?!
Көп чукуба жарамды,
Көмкөрүп салам калааңды.
Көчүп алып, тез жогол,
Көргөзбөгүн карааңды.
Өлүмдөн билсең кообуңду,
Айтышар болсоң мен мына,
Азыр бергин жообуңду!".
Күчөдү Манас күркүрөп,
Жаалына чыдабай,
Алты дуу-дуу Алооке,
Булардын өнө бою дүркүрөп.
Байлануу төрт жүз балбаны,
Балбандарга бет алып,
Манас басып барганы.
Манасты көрүп балбандар,
Масы тарап калганы.
Ланге деген балбаны
Ылдам тура калганы,
Кара башы казандай,
Күрсүнү кармап алганы;
Жалтанып Манас калбады;
Чабам деген күрсүнүн
Сабын чапа кармады.
Оң колунан бир толгоп,
Камчыдай жерге салганы.
Лаңге жерге чабылды,
Башы кетип жарылып,
Мээси ташка жабылды.
Аны көргөн балбандар
Акылынан жаңылды.
Сонун көрсөң өлүмдү,
Согушка бер - деп көөнүңдү,
Кагышканын соо койбос
Кабыландыгы көрүндү.
"Энеси талак Манастын
Эли мында турбайбы,
Эптеп бузук салууга,
Жери мында турбайбы!
Урушпайлык, карайлык;
Карап бердик деп туруп,
Орконду көздөй тарайлык!