Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы
Акыл-айлам менин да,
Бир кишилик эр элем.
Чылгый айран таң калдым,
Чыйрактык айткан сөзүңдөн.
Какан, Каңгай шаары
Менин учуп турат көзүмдөн.
Конду Манас бакчага,
Коё бергин ага деп,
Өтүнүп менден какшаба,
Зыяпат гана чатыр бар,
Падышалык тактада
Барсаң Манас баатыр бар.
Биздер койгон кечээтен
Кызматкерден кыркча бар,
Кыйынсынбай Түкүрүк
Бу кебимди тыңшап ал;
Кызматкерге кошулуп,
Кыраан эрге көзүң сал!
Байкап көрүп сен өзүң,
Келер болсо колумдан,
Кетирбестен байлап ал.
"Келер болсо колумдан,
Керденкеч тартып не турам?
Алар болсом, ал келип,
Айнып коркуп, не турам?
Кыңк этсек кыргын салар деп,
Кыпчынып араң мен турам.
Оолукса ойрон салар деп,
Ойлонуп, коркуп, мен турам.
Көрүп туруп, Түкүрүк
Көтөрүңкү сүйлөйсүн,
Көчүктү кысып, тим барып,
Көрүп кел, - деп, - мүнөзүн!"
Алооке айтып жумшады.
Кошуун башчы Түкүрүк
"Айтканың куп" деп тыңшады.
Манас жаткан бакчага
Баскан бойдон барганы.
Келе жаткак Манаска
Каршы учурап калганы.
"Лайлама-лаху" - деп,
Качып жолго салганы.
"Токто, келгин мында!" - деп,
Манас айтып турганы.
Баатырсынган Түкүрүк
Бара жатып жүгүрүп,
Кош арыкка жыгылып,
Жүрөгү кетип кабынан,
Билеги кетип сабынан,
Түкүрүгү өлүптүр.
Арт жагынан байкаган
Алооке аны көрүптүр.
Айран болду Алооке,
Амандыгын тиледи
Айласы тыйпыл түгөнүп,
Эми эр Манаска келгени:
"Душманыңмын мен,-деди.
Душман да болсом жан кыйбай,
Амандык бергин сен,-деди.
Катылбадым, карадым,
Тынччылыкты кааладым.
Канатым сынды, кол чыкты,
Азыр мени камадың.
Күрөшүүгө күчүм жок,
Жүдөп жаным сүрүндүм,
Жүрөгүмдө бүтүн жок.
Ар кандай айтсаң көтөрдүк,
Көтөрбөскө чараа жок.
Анжуу-Манжуу*, Таңшаңды*,
Караган менен кара жок.
Орчун Кокон, Анжыян,.
Оболдон муну жердедиң.
Түп атаңдын жери эле,
Түк бир жерин бербедим.
Жооп берсең, турайын,
Жоолошпой моюн сунайын;
Жол берсең, кетип тынайын.
Уруксат сизден жок болсо,
Кантип жердеп турайын?
Өкүнчүм жок сөзүмдө,