Араниктеги согуш
Араниктин талаадан,
Кошуун чыккан калаадан
Жекеге барган Санамар,
Айрамын деп балаадан,
Күрөңдү буруп ийгени,
Атайын келген кошууну
Урушуп жаткан Мунарга
Пайнанышып киргени
Бер жактан кошуун каптады,
Баатыр Манас баш болуп
Көп черүү жалпы аттанды.
Он миң кошуун күңгүрөп,
Ойдон-тоодон дүңгүрөп,
Манастап салган урааны;
Аны көрүп каңгайлар
Аламан койду бу дагы.
Каңгай менен кыргыздан,
Кайра тартпай ушундан
Дүңгүрөгөн дүбүртү
Дүнүйө жүзү бузулган.
Бузулбаса неткени,-
Карап турган көп кошуун,
Чабуул коё кеткени.
Айбалта башка шака-шак,
Найза төшкө така-так.
Кылычты колго алышып,
Кыйкырып кирип калышып,
Кылды булар намысты,
Намыс эмей неткени.
Аралашып кеткени.
Жарак салып бир-бирин
Жаралашып кеткени.
Ай балта башка шак этип,
Найза төшкө так этип,
Оройго курсу тийгенде,
От көзүнөн жарк этип,
Тууга карап турушуп,
Туу таянып урушуп,
Байрак булгап бакырып,
Баланды көптөп кетти деп,
Бирин-бири чакырып,
Кыйкырып кирип бет алып,
Бир чекесин жапырып,
Мылтыктын үнү бадырап,
Доолдун үнү дабырап,
Миңге бири тийишип,
Качпалашып жабырап,
Найзанын баары чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Арманы жок салышып,
Күндүзгү күнү түн болду,
Кулак тунган дүң болду.
Таш, топурак асманда
Сапырылып жүн болду.
Ак бараң, мылтык чаңырып,
Ач кыйкырык жаңырып,
Кыргыз менен кангайлар
Уруш кылып жабылып,
Жал куйругу жайылып,
Ат жыгылып булайып,
Сакалдары сайылып,
Адамдар өлүп сулайып,
Кай бирөөдө кулак жок
Кылыч тийип чунайып.
Шоркураган кан чыгып,
Коркурай түшүп жан чыгып,
Көзү чыгып көр болуп,
Олойгону дагы бар,
Колу-бутун ок алып,
Чолойгону дагы бар.
Эбак өлүп жан чыгып,
Солойгону дагы бар.
Чаң уюду обого:
Ошо күнкү кыргыздар,
Өзү келди тобого.
Лаилама малуу деп,
Ыксыз уруш бу бир кеп.
Замбирек жерди көчүрүп,
Самсып жаткан көпчүлүк.
Колтуктун баары чоюлуп,
Койгулашып чабышып,
Колдун баары жоюлуп,
Канаттын баары кайрылып,
Чапандын баары айрылып,
Этектин баары түгөнүп,
Эриндин баары кесилип,
Эмчектин баары эзилип,
Эринин кесе чайнашып,
Өрттөй көзү жайнашып,