Яндекс.Метрика

Жомок баши…

Э... э... э...й, байыркынын жомогу, 

Баштаса келер оролу.

Эзелкинин жомогу,

Эстесе келер орогу.

Жармы төгүн, жармы чын,

Жарандардын көөнү үчүн.

Жабыратып айтабыз,

Жолборс Манас жөнү үчүн.

Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн,

Күпүлдөтүп айтабыз.

Көк жал эрдин жөнү үчүн.

Жанында болгон киши жок,

Деги жалганы менен иши жок.

Төрүндө жаткан киши жок,

Мунун төгүнү менен иши жок.

Бабаңардын жомогу.

Баштабасак болобу?

Атаңардын жомогу,

Айтпай кетсек болобу?

Уламадан уккан сөз, 

Угуту өнүп чыккан сөз.

Карылардан алган сөз, 

Калк ичинде калган сөз. 

Арбын жомок - толгон сөз,

Ат көтөргүс болгон сөз.

Арсыздарга токтолбой, 

Азамат-эрге конгон сөз.

Кай бирөөнүн калпы көп,

Какжыраган салты көп

Качырлашып сайышкан,

Калпынан ашкан алпы көп. 

Намыска тууган кара көк,

Ок тиштемей анты көп.

Атабыз өткөн айкөл, шер, 

Алтайга барып туулган.  

Атын жаттап кары-жаш,   

Ааламга даңкы угулган.  

Жектешкени болгон бас, 

Жетик экен эр Манас;

Жергесине эл толуп,

Жердегени кең Талас!

Э... э... э...й, байыркылар кеп айткан, 

Баатыр ушул деп айткан.

Андагылар кеп айткан,

Арыстан ушул деп айткан.

Абалтан калган бул кепти,

Айта келсек бул кезде,

Айланып сансыз жыл өттү.

Көпкөк темир кийинген,

Жоо дегенде жүгүргөн,

Жон-жондон желдей зуулдап,

Жолборстой сүрдүү эр өттү,

Эр өтпөсө ким өттү?

Эчен кылым эл өттү!

Тоо бузулуп сай болду,

Сай козголуп тоо болду. 

Аты калып, өзү жок, 

Ар канча деңиз жоголду.  

Элүү жылда эл жаңы,

Жүз жылда болуп жер жаңы,

Бабаңардан уруктап,

Биз экенбиз бер жагы.

Көктөн учкан канаттуу,  

Жерден сызган туяктуу. 

Көп экенин ким билсин

Ушул жомок сыяктуу.

Эрендерден калган сөз, 

Энчи кылып алган сөз,

Кан жүрөккө конгон сөз,

Кайнап ичке толгон сөз. 

Жоого аттанган баатырдын,

Жан-жөөкөрү болгон сөз, 

Уккан жандын курсагы.  

Ушунчалык тойгон сөз.  

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.