Яндекс.Метрика

Кириш соз

Көй баатырдын бирөбү,

Көрүнбөй тосуп калыптыр.

Жомокто ушул кездеги жаштарга түшүнүксүз сөздөр көп кездешет. Мындай архаизм сөздөргө комментарий (түшүнүк) берилип, альфавиттик тартип боюнча ар бир китептин аягына тиркелди. Энчилүү аттарга, ошонун ичинде географиялык аттарга да комментарий берилген жок. "Манас" эпосун эл оозунан жыйноодо көп эмгек сиңирген Ыбырай Абдырахманов комментарийларды түзүүдө профессор К. К. Юдахинге көп жардам берди

5. Эпостун каармандары – Манас, Каныкей, Семетей, Сейтек, Коңурбай, Төштүк ж. б. адабияттык образдар. Эпосто сүрөттөлгөн коом да чыныгы турмуштан алда канча алыс – идеялык коом. Бүт өмүрүн эл үчүн багыштаган баатырлар чыгып, калың   эмгекчи элди теңчилик,жыргал турмушка жеткизсе деген тилек оозеки элдик адабияттын негизги идеясы. Марксисттик идея кыргыз элине тарай элек кездерде кыргыздан чыккан элдик акындар, жазуучулар ошол "Манас" эпосундагы коомдук, бий-болушу,феодалдык эзүүчүлөрү болбогон теңчилик коомду идеал кылып, ошондой доор болгон экен, эми дагы болсо экен деп самаган. Бул, албетте, утописттик идея эле. Андай коом болгон эмес.

Биринин акысын бири жебеген, эмгекчи элге тең жана жыргалдуу коомду марксизм идеясы менен куралданган коммунисттер партиясы гана түзүп бере алат эле жана түзүп да берди. Ошентип, миңдеген жылдар зарлап, эңсеп келген бүткүл элдик азаттык жана теңчилик заман жөнүндөгү прогрессивдүү идея биздин доорубузда гана, коммунисттер партиясынын акылман жетекчилиги астында гана жүзөгө ашып, эмгекчил эл жыргал турмушту түзүп  жатат.

***

Кыскартылып бириктирилген вариантты редакциялоодо  редколлегия мүчөлөрү – Айтиев К., Асаналиев К., Ауэзов.М., Жакишев Ө. (башкы редактордун орун басары), Жантөшев К., Ильясов С, Керимжанова Б. Салиев А. (башкы редактордун орун басары), Токомбаев Аалы, Шүкүров Ж., Юдахин К.К. жана редколлегия секретары Сопиев А. бир кыйла иштер жүргүзүштү. Бир тууган казак элинин атактуу жазуучусу жана окумуштуусу профессор Мухтар Ауэзовго бириктирилген вариантты түзүүдө өтө баалуу кеңештерин бергендиги үчүн чоң рахмат айтабыз.

Кыргыз элинин "Манас" эпосунун кыскартылып бириктирилген тексттерин тарыхта биринчи мертебе жарыялоо менен катар редколлегия коомчулуктан бул тексттерге карата болгон ой-пикирлерин Кыргыз ССР Илимдер Академнясынын Тил жана Адабият институтунун адресине жазып өтүнөт.

Профессор Болот ЮНУСАЛИЕВ. 1958 жыл.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.