Казак, кыргыз, катаган
Баарыбыз бир атадан,
Куткардыбы кудайым
Кытай, калмак чатадан.
Атабыздын сөзү бар,
Өзүбектин өзү бар,
Карыганда бир перзент
Бай Жакып бала көрүптүр,
Ат коюучу кези бар.
Кыргыздардан Байжигит,
Кыпчактардын Эламан,
Анжияндык Куртка чал,
Аргындан Каракожо бар,
Нойгуттардан Акбалта,
Ногойлордон Эштек бар,
Түрк уулунан Абдылда,
Өзүбектен Дамбылда,
Өзүлөрү олтурду.
Катагандан Мунарбий,
Карк алтын-дилде сарпай кий
Ак сакалдан алтооң кий.
Кара сакал, кер мурут
Калгандарга бир-бир тон,
Үч сарпайы чыгарды,
Үлкөндөргө ыйгарды.
Кийген тону жарашты,
Бирин бири карашты.
Бай Жакып баланы алыптыр
Этегине салыптыр.
Ээрчий басып Чыйырды
Эки кымкап алыптыр,

Элүү дилде кызыл пул
Колуна кармап салыптыр.