МАНАСКА АТ КОЮУ
Ат коюңар деп айтып,
Ак сакал Жакып кеп айтып
Көптүн келди кашына.
Ат асмандан дечү эле,
Жакшы ат коёр бекен деп,
Көзүн салып бай Жакып
Аяк менен башына.
Олтурган эрлер дегдеди,
Оозуна бир ат келбеди.
Ат коё албай алдырап,
Акылмандын баарысы
Карап турду жалдырап.
Ак күлөлүү* дубана,
Асасы колдо шалдырап,
Кайдан келди жан билбейт,
Пайда болду дубана,
Байкап көрдү буларга:
— Сонундан тонду кийипсиз,
Чогулуп баарың кирипсиз,
Барбы мында жумушуң?
Баарың бирдей сабыркап
Кандай токтоп турушуң?
Айтыңарчы угайын,
Абалы сизден сурайын.
Дубана жооп сурады,
Бердике берди жообун:
— Ат коюп берсең балага
Алар элең, дубанам,
Бу адамдардын сообун.
Бабасы Бабыр хан деди,
Жакып деген бу киши
Баласыз жүргөн жан деди.
Жерге сыйбайт малы көп,
Коюп берсең бир жакшы ат
Кубангандай асман-көк.
Жеткен элүү жашы деп,
Жеке перзент ушу деп,
Ат коё албай көпчүлүк,
Камалып турган тушу деп
Бердике сүйлөп салганы.
— Берген болсоң уруксат,
Мен коёюн атын,— деп
Дубана сүйлөп калганы.
— Ат коюңуз акыр,— деп
Адамдын баары чуу этти.
— Аты болсун Манас деп,
Алда таала сактасын
Ар балаадан калас деп.
Бата кылды баарысы,
Жашы менен карысы.
Аты жакшы болду деп,
Айтканда көңүл толду деп
Ата-энеси кубанды.
Алып турган энеси
Алтынды, кымкап буларды,
Жая салды дубана,
Алдым дагы, бердим деп,
Алиги көргөн дубана
Кайта берди буларга.
Катагандын Урмат бай
Карыясы алганы.
Кашкардын Калмат акынга
Тондун бири калганы.
Кабар ал ушу сөзүнөн,
Карап турган дубана
Кайып болду көзүнөн.

