Ортосуна салышты.
Үйшүмбай деген бар экен,
Бир өзүнө караган
Ую, төөсү, жылкысы
Үч жүз миңче бар экен,
Бир өзүнө караган
Үч миң үйчө жан экен,
Аны айтышты кан бол деп,
Кадырың элден жам бол деп.
Малым болсо канмын деп,
Баштатадан кан болбой
Нече жерде калдым деп,
Үйшүмбайы болбоду,
Болбой моюн толгоду.
Дардак деген бар экен,
Далай балбан экен
Сен болгун деп кармады.
Күчүм бар да, эбим жок,
Айтууга жакшы кебим жок,
Мен болгон кандай кан деди,
Жерде калган ал деди,
Жетиктерден бирөөнү ,
Дуу-дуу боло сал деди.
Төкө деген жан экен,
Бир өзүнө караган
Төрт миң ую бар экен,
Бол деп айтып салганы,
Болбоймун деп ордунан
Тура качып калганы.
Карача деген бар экен,
Как өзүнө караган
Токсон миң үйлүү жан экен,
Мурунку алган амалы
Доотайлык * мансап бар экен.
Кан бол дешип камалап,
Ошону улук кылууга
Ороло журту чамалап
Карачаны кармады.
Болбоймун деп айталбай,
Көптүн көөнүн кайтарбай,
Өкүмөткө аралаш
Өсүп келген башым деп,
Өзүңүздөр билесиз
Сексенге жакын жашым деп
Карача сүйлөп салганы.
Карысаң да болгун деп
Калайык айтып калганы.
Болор менен болбостун
Ортосунда турганда,
Болууга моюн сунганда