Үч Турпанды жердеген,
Урушуп адам жеңбеген,
Кара-Сууда калаасы,
Каар аяр * баласы
Кутурган Култаң качыптыр,
Азаттын тоосун ашыптыр,
Арадан Жылдыз басыптыр,
Терс-Маёодо Текес кан
Темселеп ага барыптыр:
Аналдын тоосун жердеген,
Азыркы адам жеңбеген,
Кара-Шаар экен калаасы,
Ары четин сурасаң
Кара-Курум талаасы,
Атын уксаң Манас дейт,
Бабыр кан экен бабасы.
Өз атасы бай Жакып,
Өскөн экен салкында
Өз алдынча жай жатып.
Чоң атасы Ногой кан,
Оңбой турган бу бир жан.
Камынбасаң курудуң,
Кабарга келип турумун,
Жалганы жок мунумун.
Себепчи болгун сен деди,
Сенде калың эл деди,
Үстүңдөн караар улугун
Акунбешим эр деди.
Ат аябай. тон тосуп,
Ашыгып кабар бер деди.
Кер-Көл деген жери бар,
Орго деген кан деди.
Ого кабар сал деди.
Алма-Коюр жердеген,
Адам уулу жеңбеген,
Аяры бар алтымыш,