Яндекс.Метрика

Ч

Чабендес - эңишке, улак тартууга чыйрак киши.

Чагалалап - кокуйлап.

Чайланып - чай ичип.

Чака - жезден жасалган тыйын.

Чакырлоо - эң катуу таш.

Чалгай - жамандык,  кыйшык, тетири иш.

Чалгырты турду көзүндө - арамы, кыйшыгы турду көзүндө.

Чарайна - төшкө тартылуучу такта темир.

Чатыраш - дойбу, шахмат сыяктуу оюн.

Чеге - мык.

Чексе - дары салгыч.

Черүү - аскер, кол.

Чөл түшүрүп - чакчелекей түшүрүп.

Чукак - жетишсиз, кем (баласызга айтылат).

Чыйтай - кытай, моңгол элдериндеги кенже аскер башчы.

Чыйырчык -Ташкенттин чыгыш жагындагы суунун аты.

Чылан - Синь-Цзяндагы бир кыштак.

Чыңоол - такоол, толуктоо, аскердин арткы бөлүгү.

Чыңыроо - жез түтүк, жез чоор.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.