Яндекс.Метрика

С

Саадак - жаа.

Сазаң-шаң - (эпос боюнча) - кытайдын бир уруусу.

Сай кашка - өңкөй баатыр.

Сай тулпар - өңкөй тулпар.

Сан - жүз мин, сан жеткис.

Сандыгач - булбул.

Санжап - иреттеп, ирети менен.

Санталак - шумпай, ант ургур.

Саноор жүн - куштардын канатынын, тамагынын алдындагы майда жүндөрү.

Сапсалга - жылкыны бычканда касасын кыпчып, канын токтотуу үчүн жасалган кере карыш эки жыгач.

Сары барпы - чымчыктын бир түрү.

Сая - көлөкө, көлөкөлөнүүчү терек.

Саяс - оюндун бир түрү.

Саят - 1) саякат; 2) мергенчилик.

Себил - жарак-жабдыгы толук.

Себилдүү - толук куралдуу, жасалгалуу.

Селбип - эс алдырып, алмаштырып.

Соколоп - баамдап, тамырын тартып көрүү.

Соно - суудагы  илбээсиндин жалпы аты (өрдөк, каз ак куу).

Сукпасам - сайбасам,бышып-мылгытып албасам.

Сундуң - кытай, монгол элдеринде бир айылды башкарган төрө.

Суп - баалуу кездеменин бир түрү.

Супсаадык -  таңдын  башы,  таңдын  эресереси.

Сурун кеспей койбойбуз - мизин кайтарбай койбойбуз; жинин какпай койбойбуз.

Суу кудук - касиеттүү кудук.

Суу карек - чала көргөн карек.

Сүкүт - унчукпоо, жым-жырттык.

Сээр - 1) ийин менен моюндун кошулган жери; 2) аттын өркөчүнүн алды жагы.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.