Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Каныкейге уйлонушу

Муруттун учу былк этип,

Күлүп койду кылт этип.

"Кулдугум бар кудайга,

Мал аябайм мындайга.

Ыразымын өзүңө,

Салган калың малыңды

Жети  күндө көрсөтөмүн көзүнө,

Сандык толгон зээрим бар,

Ак калпак кыргыз элим бар,

Балам аман кезинде

Кудайым бар, курдаш бар,

Кайсы жерде кемим бар!

Аттай алтын зээр мына,

Эки тогуз мал мына.

Доосу жок ушу зээримин,

Салган малдан тышкары

Бул кулдук урган ырымым".

Кудайга Жакып жалынып,

Кудалык тонун жамынып,

Ат токушуп дүрбөшүп,

Жөнөп калган кези экен,

Жолдошторун жүр - дешип.

Айран калды турган эл

"Ушуну кантип табат, - деп, -

Ушунча малды апкелсе,

Каракандын бири эмес,

Эки кызын алат - деп.

Эми Жакып кеп айтат:

"Эриксиз  малды салдың, - деп, -

Эми элиме айтып бардым, - деп, -

Кондура келем кошумду,

Кошо бергин, Каракан,

Арууке кичүү кызыңды.

Ага да кулдук урайын,

Бирөөнө бирөө сүрөө,деп 

Мококту кайта курчуткан

Болоттон  соккон өгөө, - деп,

Кичүү балам Алмамбет

Аруукеге күйөө,-деп,

Ажыраткан эп эмес,

Эр Мааастан Алмамбет

Эч бир жери кем эмес".

Ачуусу келген Каракан

Акырая караган:

"Бир кызга сөйкө саласың,

Качып келген кытайга

Кантип кызым аласың!?

Кытайдан келген кулуңду,

Укпаймын Жакып мунуңду.

Кой, Жакып бай, сөзүңдү,

Ким дейсиң, менин өзүмдү?!

Кой, Жакып бай, кебиңди,

Айткан малды айдап кел,

Алып кеткин келинди!

Ачууланды Каракан,

Ал жерде турган көпчүлүк

Экиден, бирден тараган.

Каракандын жигити –

Кадырлуу экен Калматай,

Кеп баштады мамындай

Э, Каракан, каныбыз,

"Айткан кебиң акыл" - деп;

Салган малды табалбайт,

Эмне десе, макул де.

Кытай кызды алабы,

Берсең да кызың барабы?

Айтканыңыз акыл-деп,

Ура берсин кулдукту,

Алтынын алгын "макул" - деп.

Салдың, калың береби,

Ошончо малды самсытып,

Айдап сага келеби?".

Бармагын тиштеп Каракан ,

Макул куда бол, - деди.

Эми жыйылган журту тараган,

Алмамбет, Манас кандай?" -

Аң-таң болду канча жан.

Бай Жакып үйгө кайтканы,

Манасын алып кашына,

Бакайын алып башына,

Баары сөзүн айтканы.

"Уулум, Манас, кебимди ук,

Сенин Каныкейиң таптым, - деп,

Салтанатым сен үчүн,

Сөйкө салып кайттым, - деп,

Жанында жүрөт да бир кыз,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.