Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Каныкейге уйлонушу

Аламын деген ою бар.

"Карчыга канат, кыргый кол,

Сарамжалдуу жан экен,

Кайгы кетпес башынан,

Азыраак айбы бар экен.

Ар тилекке жетейин,

Кара башым берсем да,

Бул кызды албай кантип кетейин

Көргөндө Жакып муну ойлойт,

Бир ойлобой, миң ойлойт.

Эки кызды караса,

Бирисинен бири артык,

Сайып койгон гүлгө окшойт.

Жанындагы Арууке

Адам эмес, нурга окшойт.

Чолпондой жайнайт көздөрү,

Сүйлөшкөнүн байкаса,

Башкача турат сөздөрү,

Эр Төлөк кызды сынады,

Эми Жакыпка айтып турганы:

"Телегейи тең экен,

Оң далысы кең экен,

Жанындагы Арууке

Таалайы бар жигитке

Кез болуучу неме экен.

Атаганат чиркиндин

Тукум жагы кем экен.

Экөөнү бирдей алсакпы?

Эки кызын тең бер - деп,

Эми арачыны салсакпы?".

Бай Жакып айтып "макул, - деп, -

Чоголураак киши экен,

Берер бекен баатыр" - деп.

Кыздар кетти үйүнө,

Бай Жакып менен Төлөккө

Бул эки кызды көргөндө

Тегеле көрүнбөдү дүнүйө.

Сарайга келип киришти,

Төлөгү турат кашында,

Ошол кезде бай Жакып

Алтымыш беш жашында.

Төлгөсүн тартып Төлөгү,

"Келгиле, балдар, көрөлү!"

Төртөө, бешөө барышып,

Төлгөгө көзүн салышып,

"Башы түштү тогуз, - деп,

Аягы түштү сегиз, - деп,

Баракелде бай Жакып,

Телегейиң тегиз, - деп,

Кайда барсаң, жол ачык,

Коконго барсан, кол ачык,

Аягы сегиз таш болуп,

Төлгө жакшы бурулду,

Босогого кан Темир

Өзү келип урунду.

Арачы бизге келет, - деп, -

Каныкейдин үстүнө

Аруукени берет, - деп,

Жалган дебе бай Жакып,

Менин  айтканым көзүң көрөт" -

                                                        деп.

Төлгөнү жыйды Төлөгү,

Тыңшап турат бөлөгү.

Арачыдан алтоосу,

Кан Темир көздөй жөнөдү.

Эми карылары кеп айтат,

"Каракан, укчу, - деп айтат.

Сураганы кыз болсо,

Бизге сырттан Манас туш болсо,

Бул сырттан тууган Манаска

Серпишкен аман калбаган;

Ойлосоң боло, Каракан,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.