Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Ботосун малга ким берет?

Сенин ботоңдун күнүн ким көрөт?

Айтасың сөздү айбандай,

Сенин ал сөзүңө ким көнөт?

Чыландан* чыккан жол барбы?

Чырмап келип бул жерде,

Сени камап жаткан кол барбы?

Кумулдан чыккан жол барбы?

Курчап келип бул жерде,

Сени кууратып жаткан кол барбы?

Кандай айткан кебиң бар?

Калжайып тайган эбиңер!

Алыстан миңдеп кол келди,

Нескара деген зор келди.

Кыйратты Манас көзүңчө.

Жакып, жаман экенсиң,

Кыйнала берип өзүңчө.

Качырды Манас көзүңчө.

Кандай курган жан элең,

Кайгыра берип өзүңчө!".

Бай жактырбай таштады,

Бай акеси алдында

Чыйырды көзүн жаштады.

* * *

Аны коё салыңар,

Манастан кабар алыңар.

Үч-Аралга барыптыр,

Он бир конуп талаага,

Оюну канып алыптыр.

Алты бөрү, он түлкү

Жолдоштору алыптыр.

Эки бугу, үч кулжа

Алар атып салыптыр.

Талды-Сууга барыптыр,

Манас аларды карап калыптыр.

Кырга чыгып караса,

Жайнап аккан суу экен,

Курбу-Кум деген бул экен.

Кулжасы жайнап тур экен.

Кайың, терек, тал экен;

Кайыптын кени бар экен.

Карап турса таңыркап,

Токойдон чыгып бөлүндү,

Жолдоштору көрүндү.

"Мында жүргөн экен" - деп,

"Аймаңбоз менен жетем" - деп,

Жолго бала салганы.

Кадам баспай Аймаңбоз,

Токтоп туруп алганы.

"Неден үркөт доңуз?" - деп,

Асты жакы аралга

Көзүн бала салганы.

Чагарактап куйругу,

Жакжайыңкы төшү бар,

Так чыныдай көзү бар.

Кыңшылаган үнү бар,

Кызыл келген жүнү бар,

Чоң казандай башы бар,

Үйүр баскан айгырдын

Куйругундай чачы бар*

Көкүрөк жүнү самсаалап,

Көчүк жагы тарбайып,

Жыпжылаңач, санталак,

Азуу тиши бир карыш,

Алкымы бар бир кучак

Азууларын карасаң,

Капталында калы бар.

Моюн менен шилиде

Кере кулач жалы бар.

Чоңдугу бар өгүздөй,

Аяк басса адамдай,

Капталында канаты,

Куйругунда кылычы,

Куп тамаша бул иши.

Желдей учат желиши,

Жаңы экен ушу келиши.

Тырмактары арбайып,

Оозу жаман аржайып,

Жерди басса айбандай,

Көчүк жагын карасаң,

Алгыр кыраан тайгандай.

Башында мүйүз көрүнөт,

Найзадан мурун сайгандай.

Манас менен иши жок,

Басып чыга калганы.

"Бул эмне шумдук?" - деп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.