Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Күлдү журттун баарысы:

"Нээти менен айтат" - деп,

Күңгүрөп сүйлөп калганы.

"Уруксат болсо, кетсек" - деп,

Улуу - кичүү жыйылды,

"Ушул Манас кандай?" - деп,

Урматына сыйынды.

Бет-бетине тарашып,

Бечаралар жарашып,

Жай-жайына карашып,

Жаны тынып тарашып,

Жардамга келген колуна,

Жалпы салды жолуна.

"Үй, катының барбы? - деп,

Урматына баргын, - деп,

Бала-чакаң барбы? - деп,

Маңдайына баргын, - деп,

Ага-иниңер барбы? - деп,

Акылына баргын, - деп,

Эмне көргөн, билгениң

Элиңе айтып салгын" - деп,

Жесирдин баарын жөнөттү,

Нескара туткун кылгандар,

Эми, жер-жерине бүт кетти.

Тууган болуп душманы,

Нескаранын колунун

Ичинде калды бушманы:

"Атанын жакшы, эл бол - деп,

Өткүр Манас жаш бала

Өлүмдү билбес эр бол,

Ушуну жаман дегениң,

Өлчөөң кара жер бол!" – деп,

Кубанып тарап кеткени.

Кыргызда Манас баатырдын,

Кабары көпкө жеткени.

* * *

Арадан алты ай өткөнү,

Ит агытып, куш салып,

Имерилип чөл чалып,

Кеткени он бир күн болгон

(Анын кабарын билген ким

болгон?), —

Жоголуп кетти баласы,

Жакыптын тынбай санаасы.

Туучунак атын миниптир,

Төтөлөп жолго кириптир.

Айылдан узап, бай Жакып

Ат чабым жерге барыптыр.

Асты жакы жабырдан,

Аткулактуу шабырдан,

Күлүктүн бели ийилген,

Көпкөк темир кийннген,

Очогор мылтык асынган,

Ойду-дөңдү бастырган

Он бири чыга калганы,

Жете келип Жакыпты

Ортосуна алганы:

"Эсен кандан келген биз;

Эл кыдырып жүргөн биз,

Карыя, кепке кулак сал:

Кандан болгон буйрук бар.

Кыргыздан келген

Жакып, дейт, Баласы

Манас деп уктук.

Билесиңби Манасты?

Биз башкадан ошондой кеп уктук.

Биз кетебиз мындан тим.

Чалкайыңкы курсагың,

Чалым, сенин атың ким?

Анда Жакып кеп айтат,

Аргасы кетип, бек айтат:

"Аты-жөнүңөр ким болот?

Ата журтуң кай жакта?

Журт кыдырып жүрөсүз

Кандайлыктан бул жакта?

Жакыптын жайын билесиз.

Баласы Манас дегенди

Не себептен тилейсиз?".

Ушуну айтып чал Жакып,

Кооптонуп турганы.

"Мурда атыңды бат айт" - деп,

Булар күчөп сурады.

Жакып атын жашырып,

"Бердике деген мен, - деди.

Эми чыныңды айткын сен, - деди.

Ар жагы кыргыз элибиз,

Аралдуу Алтай жерибиз.

Атам кыргыз, айлым аз,

Баласы Манас он төрттө,

Атасы Жакып мага кас.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.