Яндекс.Метрика

Манастын бала чагы

Бала ичинде көк жалын

Чыканактап уйку алып,

Чырым этип тынч алып,

Ак каңкыны* жазданып,

Кыбыланы баштанып,

Алп уйкуну салыптыр.

Күн шашке болгон кезинде;

Гүлүстөн абыдаң уктап калыптыр.

Уйкудан Манас тургуча,

Жылкычы алпы Канжаркол,

Ошол жылмайгыр келип калыптыр

Астындагы Ала айгыр

Атырылтып келиптир.

Куштай учуп кетет деп,

Кум салышып миниптир.

Жан казандай башы бар,

Жаткан иттей кашы бар.

Кара келтек чокморду,

Кармап үйрүп алганы,

Кырк балага умтулуп,

Качырып колду салганы.

Уйкудан Манас ойгонуп,

Он жагына толгонуп,

Баш көтөрүп караса,

Бала аманын кааласа,

Балдардын баары качыптыр.

Айгырдан түшүп ошо дөө

Төрт баланы басыптыр;

Төртөөнү катар союптур,

Азык эттин баарысын

Шишке сайып коюптур,

Көрө коюп зор Манас

Каары келип, көз жайнап,

Кайраты бойду бек кармап,

Кара келтек чокморун

Балаң үйрө кармап алыптыр.

Бекем белин курчанып,

Аймаңбоз минип алыптыр..

Аймаңбоз оозун бурду эми

Балбанга катар келгенде,

Бул сөзүн айтып турду эми:

Атаңдын көрү Канжар алп,

Сен жылкычы, мен койчу,

Канча бала кыйраттың,

Кара боюң чың болчу.

Тартып жедиң этимди,-

Эми келтирейин кезиңди.

Төрт баланы сойгудай,

Сенин бээңди тийип качтыбы?

Адам өлүм кылгыдай,

Сенин алтының талап чачтыбы?",

Ушуну айтып бакырып,

Кыргыздап ураан чакырып,

Үйдөй кара чокморду

Үйрө кармап алганы,

Качырып кирип Канжарды

Как төбөгө салганы.

Манастан чокмор жегенде

Башы кетти быркырап,

Баспай жерге жыгылып,

Жаны кетти чыркырап.

Балбанды союп жай кылып,

Балдарды жыйып алды эми.

Бай Жакыптын козудан

Дагы кырып салды эми.

Оюн Манас баланын

Отун жыйса оту жок,

Же бышып турган эти жок.

Жырынта деген бир калмак

Козу издеп жетип келиптир.

Келгенин Манас көрүптүр:

"Абышка, бери келгин,-деп,

От күйгүзүп алууга

Оттугуңду бергин"-деп,

Сурап баатыр туруптур.

"Ата курган бурут-деп,

Айтканына көнгөн жок.

Атандын көрү как баш чал

Балдарга оттук берген жок.

"Сураса бербес оттукка,

Суук колду саламын,

Керек болду оттугуң,

Сенден минтип тартып аламын".

Деп ушинтип умтулуп,

Чалды курдан алды эле,

Айгырынан оодарып,

Көтөрүп жерге салды эле,

Куру үзүлүп, ал чалдын

Кисеси колдо калды эми;

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.