Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши
Уруш болду Алайга.
Дүнүйө жүзү бузулган, -
Суудай акты кызыл кан.
Кыргыз, тарса кыйла эл,
Кызыл кан агып, болду сел.
Айбалта, кылыч алышып,
Качырышкан көп кошуун
Аралашып салышып,
Төө мингенин төбөлөп,
Жөө жүргөнүн тебелеп,
Аккула менеп чуратып,
Ажаалаган* канчасын
Ач албарс менен сулатып,
Артынан чаңын буратып,
Кырк чоронун баарысы -
Кыргыл, Бакай карысы
Кыжылдаган тарсанын
Кызыл канын агызды.
Күн обого толгондо,
Чак түш анык болгондо,
Кырк миң кыргыз барышты.
Жер жайнаган душманды
Жексен кылып салышты.
Шоорук кан маймун зору экен,
Жүрүп келген кошууну
Үч жүз минче кол экен.
Өлдү көбү теңделип,
Жаны тирүү калганы
Жарадар болуп сенделип.
Арыстан Манас баатырдын
Атактуусу сексен төрт,
Астында жүргөн - кызыл өрт.
Астында бар Манасы,
Анча кыргын болбостон,
Аманга катар арасы,
Жети жүз он үч киши өлүп,
Өлүмгө болбос ишенип;
Терип-тепчип ар жерден,
Өлгөндөрүн жыйышып,
Өкүрбө деп бир бирин,
Көзүнүн жашын тыйышып,
Бурак атын токушуп,
Жаназасын окушуп,
Акырет камын жеген бар.
Алигече бу күндө
Алайдын аяк ченинде
Шейиттин бели деген бар.
Калбаны бүтүн салыптыр
Кагылышкан эки журт
Кайтып конуп калыптыр.
Ашарсуу каптап кырк миң кол
Ал түнүндө барыптыр.
Кошуундун түшүп жатканын
Күйөнүш көрүп калыптыр.
Кырк шишеге суу кылып,
Суунун баарын уу кылып,
Заар дува салыптыр.
Алты кара жыгачты
Апсун окуп дем-салып,
Алтоо болду сур эшек,
Баары семиз кур эшек,
Он эки себет кылдырып,
Дува менен эшегин,
Айдап алып жылдырып,
Эки жаңгак данына
Апсун окуп дем салып,
Жолдош кылып жаныяа,
Кырк шишеде арагын
(Кызыталак яярдын
Кылган ишин карагын!),
Заар окуп толтуруп,
Ону бирдей чоң себет
Эшекке арта салыптыр.
Жан кыюучу заардан
Жүзүм кылып алыптыр.
Кастык ойлоп дарт болуп,
Кашкарлык кара сарт болуп,
Арыстан Манас баатырдын
Кошууну түнөп жатканда,
Асты уйкуга батканда
Кошуундун аяк жагыяа
Айгай салып акырды,
"Алып кетти, жеди!" - деп,
Эл четинде бакырды.
Бакырыгын угушуп,
"Кайда? Кайда? Ким? Ким?" - деп,
Караңгыда дүрбөшүп,
Калың черүү чыгышып,
Камалап келсе, үч киши, -