Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши
Аярдын кыйын ар иши.
"Караса, калча жетти, - деп, -
Он беш эле эшегим,
Тогузун тартып кетти, - деп, -
Алтоо калды эшегим,
Агырлан байдын малы эле,
Адашты, - деп, - эсебим.
Тарсалардын ким билди,
Кароолго чыккан кесебин".
Айттып муну Күйөнүш
(Аярда бар кыйын иш).
Эшектерин түшүрүп,
Эр Манастын кошуна
Күйөнүш кирди жүгүнүп.
Ыраңы турат кашкарлык,
Карады Манас баатыры:
Аярлык турат бойдо жык.
Күйөнүш аяр каркыбар,
Башында башка бөркү бар.
Оюнда Манас ойлоду,
Ашкере аяр Күйөнүш
Оюна алган акылын
Шо жерде биле койгону.
Билген Манас акылы
Ойлоп турат сойгону;
Былтыркы жылы кетиптир,
Кеткенде Манас нетиптир.
Тебетейдин этегин
Тегерете кесиптир.
Мында Манас көп турду,
Акыл ойлоп тек турду;
"Алда кандай бул адам
Аярданбы?" - деп турду.
Кошуундардын кыйласы
Себеттеги жүзүмдөн
Талап-булап жеп турду...
"Кашкардан былтыр өттүм, -
деп, -
Кандай иш кылып кеттим" - деп,
Кабылан Манас сурады.
"Алдына былтыр келдиңиз,
Былтыркы жылы мен кылган
Кайда кеткен белгиңиз?
Айткын жооп кебиңди!
Алса бирөө эшегиң,
Табарбыз эртең эсебин..."
Сурап баатыр калганы,
Мукактанды бу сөзгө
Чыкмак болду Күйөнүш
Ушу жерде жалганы.
Агыдай деген аярын,
Ажыбай экөө бир кошто,
Азыр мында келсин деп,
Арыстан эр айтып салганы.
Айтып оозун жыйганча
Агыдай келип калганы.
"Ачып далы кара"-деп,
Арыстан айтып турганы.
Карады далы бетине,
Ашык аяр келиптир,
Кошуунунун четине.
Олтургандай ушунда,
Оён Манас кошунда.
Өз уругу индиден
Өнөрү артык дүйнөдөн.
Алты мыскал заарын
Жемиш кылып сүйрөгөн,
Ал аярдын өнөрүн
Ачкан далы сүйлөгөн.
Агыдай турду таңданып,
Кошуундар турат жарданып,
Кыларымды кылдым деп,
Бир айбан болуп качууга
Күйөнүш турат камданып.
"Кашкардан жемиш келди,-деп,
Калкка бөлүп берди"- деп,
Калкаман менен кошу бир
Ырдык жетип барыптыр.
Кайдан билсин аярың
Кабыланыңдын кошуна
Капилет жетип аларын,
Арак, жүзүм, ууларын,
Себетке салып буларын.