Бул бөлүм Манасты кармап кетебиз деп келип, кордук көрүп кайра кеткен он бир балбан көргөн кордугун айтып, өз кандарына даттанып барганын баяндоодон башталат. Муну уккан кандар Манасты чаап алууга камынып, жүз он миң кол аттанышат.

Мындан кийинки окуяда Манжурия жеринен тогуз жүз төөгө чай артып кытайга бара жаткан Жолой жолдо Манаска жолугуп, Манас анын чайын тартып алат. Манастан найза жеген Жолой араң дегенде качып кутулуп, болгон окуяны кытай чоңдоруңа айтып барат. Дагалак шаарынын каны Кырмус Манастын он бир балбанга көрсөткөн ызасын айтып, аны чапканы жүз он миң кол кетти деп Жолойду сооротот.

Манасчы тарабынан бул окуядан кийин «Кошойдун окуясы» деген өзүнчө көлөмдүү эпизод баяндалат. Жаангер кожо аттуу жер кезип жүргөн, көп жашаган адамдын Билерик деген баласын Незкара колго түшүрүп, барымтага кармап алат да, Кырмус шаанын колуна берет. Ошондо Кырмус шаа Жаангер кожого:

Кайда барсаң, анда бар
Карк алтын бооң менде бар,
Карап турсам туптуура
Душманчылык сенде бар,—

Дейт да баланы зынданга салып, кожону кое берет. Жаангер Кошойду издеп таап, өзүнүн башына түшкөн оор абалды түшүндүрүп, жардам сурайт. Жаангердин өтүнүчү боюнча Кошой Кырмус шаага каршы аттанып чыгып, аны өлтүрүп, Билерикти ордон бошотот. Жолдо бара жатканда Кошой жол тоскон кытай аярларына жолугуп, аларды кантип жеңгендиги кеңири баяндалган.

Манасты чаап алмак болуп аттанган он бир дуу-дунун көп колу Алтайга бара жаткан жолунда эки миң үйлүү эли бар сары ногойлордун Эштегине жолугуп, ага кол салышат.

Эштек эли менен Канардын тоосун таянып, тар капчыгайдан жол тосуп, 94 күнү урушат. Ушул убакта таятасы Эштекке учурашып келгени жөнөгөн Манас аз гана адамдары менен келе жатып, коктунун оозундагы көп колду көрөт да, кытайлар экенин таанып, элге кабарга киши жиберет. 8 күндө жардамга көп кол келет. Бир жагын — тар капчыгай, Эштектин эли тосуп. арт жагын кыргыздын көп колу алып, орто жерде камоодо калган кытайлар ачкадан аттарын союп жеп, катуу жүдөшөт да, акыры кутулбасына көздөрү жеткенде өздөрүн өздөрү өрттөп, өлүп кырылышат.

Эштектин уулу Жамгырчы кытайдын колун байкап келем деп аттанып чыгып Манастын кошуна жолугат. Ошол кезде чалгынга чыккан Манас калың малга кезигип аны айдап кетүүгө камданып калганда, баласын издеп чыккан Эштек келип кездешет. Экөө ал жерден сайыша кетип, акырында Манас менен таятасы Эштек бирин-бири таанышат.

Кытай колун байкайлычы деп барса, алар өздөрү эле эбак кырылып калганын көрүшөт. Кийинки окуяда Манас менен Кошой Дагалак шаарында кезигишип табышканы баяндалат. Манас менен Кошой биргелешип он бир дуу-дуну жазалоону чечишет да, алардын мыктысы Дүбүрө канды көздөй аттанышат.

Жолдо баратып кол тыныгат, мергендер ууга чыгат. Кутубий баш болгон мергендер кийик уулап жүрүп Адамдүк аттуу жалгыз көздүү дөөгө кабылып калышат. Дөө аларды койчо айдап үңкүрүнө алып барат. Ал адам жей турган дөө экен. Дөөнү Кутубий жалгыз көзгө атып, сокур кылып, көптөп жатып араң өлтүрүшөт. Үңкүрдөн көп дүнүйө, байлоодо жаткан көптөгөн адамдарды таап, бошотушат.

Манастын кабарын угуп ага каршы аттанган Дүбүрө кандын колуна жолугушуп, аларды да жеңишет. Даңгу шаарынын башкаруучусу Кайып даңдын колу жеңилип, эли качып, өзү колго түшөт. Кайып даңдын кызы Карабөрк жаа аткыч мерген экен Кырк кыз жолдошу менен качкан элдин артын кайтарып, кыргыздарды тосуп урушат. Көп адам зыян болот, Карабөрктүн аткан жаасынын огу Бакайга тийип жарадар кылат. Арттан келген Манас мерген кыздын кабарын угуп, ачууланып барат, бирок анын сулуулугун көрүп, ага үйлөнүүчү ойлонот да зыян келтирбей кармап алат.

Атасы Кайып даңды өлдү деп уккан кыз Манаска тийүүдөн баш тартат. Бирок колго түшкөн Кайып дандын тирүү экендиги билинет, кыз Манастан кечирим сурайт. Эки эл элдешип, Кайып чоң той берип, Манас Карабөрккө үйлөнөт. Ошондо Кайып даң Карабөрккө тигип берген үйүнүн порумун:

«Жайсаң ырчы дегени
жарым күнү ырдаган» — экен.

Бакайды атып жарадар кылгандыгы үчүн Карабөрк уялып андан көрүнбөй качат, жолукканда жүгүнүп таасим кылат. Мындай адептүүлүк элге жагып калат да ушундан тартып жаңы келген келин кайнагадан качуу, жүгүнүү салты калган экен. Эл жержерине тарайт, Манас аялын алып Алтайга — үйүнө кайтат.