АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Ажына — жин.
Азел — бал.
Акси — кусур, касиет.
Албарс — мыкты болот, болот кылыч.
Алеңгир жаа — жаанын өзгөчө бир түрү.
Аңгире жол — Кара жол, чоң жол.
Аруу — таза.
Ашык — чүкө.
Баар — эрте жаз.
Багып — карап, байкап, көз салып.
Балкы — кымбат баалуу материал.
Балкы тон — ошол кымбат кездемеден жасалган тыш кийим.
Барбана болду башына — бул жерде жөлөк, таяныч, калканчы күйөрү, жаны ачыры болду деген мааниде.
Баранда — майда жан-жаныбарлар (канаттуулар).
Бараң — оозунан октолуучу мылтыктын жалпы аты, милтелүү мылтыкты да, пистон менен атылуучу мылтыкты да бараң деп атай беришет. Мисалы: Көк бараңды октоду, Көк милтени
чоктоду.
Баш майлоо — кыргыздардын эски түшүнүктөрүнө байланыштуу салты
Бедөө — күлүк аттардын бир түрү.
Бөкө — балбан.
Бурак ат — 1) Канаттуу ат. 2) Күлүк ат.
Бурут — кыргыз. Калмактар кыргыздарды ушинтип аташат.
Бут — сыйынуучу кудайдын колдон жасалган кебетеси, идол.
Буулум — кымбат баалуу материалдын бир түрү.
Дабан — бийик ашуу.
Дилде — беш сом наркындагы алтын тыйын.
Долон, доолон — кымбат баалуу кездеменин бир түрү.
Доотай — округдун начальниги, губернатор.
Дорго — чабарман, жасоол жигит.
Дуу-Дуу — кытай сөзү. Чоң аймактын башкаруучусу, же генерал-губернатор.
Дүрүйо — жибек кездеменин түрү.
Жабыр баян — азуулуулардын эң кыйыны жана коркунучтуусу деп түшүнүлгөн турмушта жок жомоктук айбан.
Жагал — кементай сымал жасалган калмак тонунун — сырт кийиминин түрү. Адатта кара, же кызыл деген сөз кошо айтылат: кара жагал, кызыл жагал.
Жагалалап, чагалалап — кокуйлап, чага — калмактардын чочугандыкты, корккондукту билдирген кыйкырыгы.
Жазайыл — замбирек.
Жайсаң — калмак сөзү, начальник.
Жамбы — түрдүү формада жана ар түрдүү салмакта боло турган акча ордуна жүрүүчү уютулган күмүш.
Жанут — енот (териси кымбат баалуу анча чоң эмес жаныбар).
Жанч — саюу.
Жан-жуң — монгол сөзү, башкы командачы, полководец.
Жаңгел — чер токой, токой.
Жебе — жаанын огу, жаа огунун учундагы курч темир.
Жоро — жолдош.
Жубар бермет — ак бермет.
Жуда — такыр, бардыгы.
Жудурук — муштум.
Жыга — 1) шөкүлө; 2) хандык белги — таажы сайылуучу тебетей; 3) баш кийимге кооздук үчүн тагылган куштун куйрук, же канат жүндөрү; 4) Эң жогорку даражаны көргөзө турган кооз жана сымбаттуу жасалган атайын белги (Жез жыгадай эр Көкчө). Жыгалуу мөөр хандык белгиси бар мөөр.
3абар — кооздук үчүн пайдаланылуучу буюм-тайымдар.
3ар — алтын.
3ер — алтын.
3оолу — адамды жазалаганда моюнга салуучу кишен сыяктуу темир чынжыр.
3убун — уруу, топ, бөлүк, аскердин отряды.
Зумурут — асыл таштын бир түрү — изумруд.
3уңдун — кытайлардын согуштук мансабынын бири.
Инжи — жемчуг.
Какай — каман, чочко.
Каканчын — кытай, кытай мамлекети.
Калба — жаңжал, чатак, чыр, уруш.
Калдай — 1) моңгол сөзү, штаб офицери. 2) моңгол, калмактардагы административдик мансаптардын бири.
Хан заада — хан тукуму, хандын баласы.
Капчал — аскалуу капчыгай.
Карик — өтүмсүз, уяң, коркунчаак, жер карама.
Кароолу дажаал — кароолуна илинген соо калбайт, кароолу коркунучтуу, сүрдүү деген мааниде.
Кашка — башчы, мыкты, жетекчи. Сай кашка — эң мыкты.
Кирич — жаанын кергичи. Кээде жаа дегендин ордуна да колдонула берет.
Колок — жаанын огу.
Коломсок — жаанын огун салгыч, саадак.
Коога — уруш, жаңжал.
Кош — жылкычылардын, же согуш убагында колдун убактылуу жашап турган жайы.
Көй — жалаң, өңкөй, чылк, кээде абыдан деген да мааниде, мисалы: көй кашка — жеткен баатыр.
Көй баатыр — жалаң баатырлар.
Көкө теңир -— асман кудайы.
Көлүк — мингич, ат.
Көөр — көөхар, асыл таш-жемчуг.
Күлдүр мамай мылтык — чоң мылтык, замбирек.
Күлө — думаналардын теринин түгүн сыртына каратып өзүнчө жасалган баш кийими.
Күндө — жазаланганда колго салынуучу кишен, кээде кыйнап жазалоо үчүн башка шири каптап коюу маанисинде да айтылат.
Күн жүрүш жак — түштүк жак.
Күрөөкө соот — кооздолуп жасалган, найза өтпөс жоо кийими.
Кыбалап — бул жерде артынан сая түшүп деген мааниде. Жалпы эле кыбалоо — чебердик менен иш кылуу.
Кыйык атуу — бута атуу.
Кыяк — соот.
Кыям жак — түштүк жак.
Лайлама — калмак кудайы.
Лөк — күчтүү, маанилүү деген мааниде. Адатта нардын буурасын лөк дейт.
Мамырчылык — бейкутчулук, тынччылык.
Манат — кымбат баалуу, кол менен жасалган, көбүнчө кызыл түздө болгон түктүү кездеме.
Мандыкер — күндүккө жалданып иштеген адам.
Мартуу — төрөп жаткан аялды эси ооп калса кара басты (же албарсты басты) деп түшүнүү.
Меш — (чанач меш) — эркечтин терисинен жасалган чоң чанач.
Милте — бараң мылтыкты атыш үчүн от берүүдө пайдаланылган өрүлгөн кебез.
Мөндү — калмакча «кел» деген сөз. Эпосто көбүнчө калмактардын уруш урааны катары колдонулат.
Мурдар — (мырдар) — өлүк, какмар, сасыз (тилдөө) маанисинде.
Накер — кооздоп жасалган баатырлар кийүүчү өтүк.
Назыр — 1) кудай жолуна курмандык атоо, кол кайыр берүү; 2) өлгөнгө атап тамак берүү.
Салбырын — көп адам атайын камданып алыс жерге аң уулоого чыгуу.
Саңоор — куштардын буттары менен куйругунун арасындагы жумшак майда жүн.
Сап кылуу — такыр кыйратуу, түгөтүү.
Сарпай — сый тон.
Суп — ак төөнүн жүнүнөн же ак жибектен жасалган кымбат баалуу кездеме.
Суп чапан — кымбат баалуу ак кездемеден жасалган сырт кийим.
Сүңгү — (карагай найза сүңгүсүн) — найза.
Сыйыр — уй.
Сыр жебе — атайын жылмаланып жасалган жаа огу.
Таканак жүн — куштардын бутундагы жүнү.
Та-та — (айгай салып таталап) — ур, ур.
Татай — аялдар чочуганда, корккондо айтылуучу мааниге ээ болбогон, катуу чочууну билдирүүчү сырдык сөз.
Токонаалат — жеме, уятка калуу, күнөөлүү болуу.
Торгун — кымбат баалуу жибек кездеменин түрү.
Төө мылтык — чоң мылтык, төөгө жүктөп жүрүп атууга ылайыкталган кичирээк замбирек.
Тубар — жибектен жасалган кытай кездемеси.

