АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРҮ
Аалым — окумуштуу (негизинен диндик багыттагы илимдер боюнча).
Абаиы — кымбат баалуу кездеменин түрү.
Абуз — кол менен жасалган көлчө (бассейн).
Абсун — сыйкыр, дуба; кубулта турган дуба.
Ада — жок кылуу, тыптыйпыл кылуу.
Адам ноо — жапайы адам.
Ажайыпкана — ар кандай түрдүү кооздуктарды жана айбанат, канаттууларды сактоочу жай (зоопарк).
Азада — таза жүрүүчү. Тазалыкты бекем сактаган мырза адам.
Азырейил — ажал периштеси.
Айдар — эркектердин аркасына өрүлүп коюлган чачы.
Айтуяк — жакшылыкка арналып союлуучу жылкы.
Айчык — жарым ай мисалдуу түр салуу (көбүнчө тууга).
Акак — баалуу таш.
Аккүбо — жоокерлер согуш майданына кийүүчү ок өтпөс тон.
Актаяк — кандардын буйругун аткаруучу жана өзүн кайтарып жүрүүчү адамы, жасоолу.
Ак үйлүү — көрүнүктүү, белгилүү бай үй-бүлөдөн барымтага алынган адам («ак үй» — деген сөз байлыктын жана бийликтин символу катары эсептелинет).
Алаткак — жез тумшук, желмогуз, сасык албарсты, көрүмчү сыяктуу жаныбар, кээде жапайы адам маанисинде.
Албарс — мыкты болот, курч.
Албарс кылыч — курч кылыч, болот кылыч.
Алеңгир жаа — жаанын өзгөчө түрү.
Алмабаш мылтык — эпикалык баатырлардын мылтыгынын аты.
Амбал — Синьцзянь округунун башчысы.
Амыр — буйрук.
Апсана — ушак, айың сөз.
Апторой — бүт, бардык, бүтүндөй.
Апы — айла, дары, себеп-арга.
Аркыт — суюк зат куюла турган чылгый териден жасалган идиш.
Арып — сыйкыр, дуба, амал, сээр, көз боочулук.
Асаба — туу, желек, байрак.
Аспи - жылкы.
Ашула — ыр (өзбек тилинде).
Ашык — чүкө.
Аяр — коргоочу, сактоочу.
Баар I — жаз алды, көктөм. II — жакшылык, үмүт.
Бадана — ок өтпөс тон, баатырлар кийүүчү соот.
Бадирек — эр жүрөк, кайраттуу, жалтанбаган баатыр.
Байман күрүч — таза дандуу күрүчтүн түрү.
Байнек — кылыч кынынын уч жагындагы күмүш же башка металл менен кооздолгон бөлүгү. Кээде шакекче маанисинде.
Бакар — уй.
Баң-баң — эпос боюнча аскер кызматчысы.
Баңдуулу — коңгуроо.
Бапик — чачык.
Бараң — эпосто айтылган согуш мылтыгынын түрү.
Баргек — асыл заттардан жасалган аялдар тагынуучу жасалга.
Барик — майда жалбырак.
Бардал ат — жүк жүктөөчү ат.
Барча — бүткүл, бардык, баары.
Батман — алты пуддан он эки пудга чейинки олчөмдөгү оордук чен.
Баяндос — көрпөчө.
Баяс — кылыч куйруктуу эпикалык укмуштуудай жаныбар.
Бедөө — күлүк аттын түрү, кээде эң мыкты күлүк ат деген мааниде.
Бейгуда — жаман атты кылуу.
Бекзаада — бектин тукуму.
Белдемчи — согуштук кийим.
Бербердигер — кудай таала.
Беренжилүү — кымбат баалуу кездемеден жасалган кийим.
Бишарат — аян, сыр, белги.
Биябан — эрме чөл, ээн талаа.
Бото кур — жибектен жасалган кур.
Бурак: I эпостордо айтылуучу чаалыкпас, чарчабас күлүк, канаттуу ат. II өлгөн адамдын арбагына арналып берилүүчү ат.
Бурут — эпос боюнча кытай, калмактар кыргыздарды ушундайча аташат.
Бут — сыйынууга, табынууга арналып жасалган кудайдын сүрөтүнүн кебетеси.
Буулум, бута — кымбат баалуу кездеменин аттары.
Даң — калмактардагы адиминистративдик чин.
Дап — музыкалык аспап.
Дара — капчыгай, каптал.
Датка — Кокон жана Букар хандыктарында берилүүчү жогорку наам.
Дейилде — кымбат баалуу кездеменин аты.
Диңсе — кытай төрөлөрүнүн баш кийимине тагылган кичинекей тобурчак сыяктуу мансаптык белги.
Добул — добулбас — согушта урулуучу барабан.
Доол — анча чоң эмес согуштук барабан.
Доолон — кымбат баалуу кездеменин аты.
Доотай — Синьцзянь провинциясындагы округдук начальник, губернатор.
Дорго: I Полициянын начальниги. II чабарман, жасоол, жигит.
Дуу-Дуу: I кытай жарым ханы. II провиициясынын башчысы.
Дүрдүн — кымбат баалуу кездеменин аты.
Дүрүйө — кымбат баалуу жибек кездеменин аты.
Жаа-жаала — эпос боюнча калмакча ураан чакыруу.
Жаан — аалам, дүйнө жүзү, жер жүзү.
Жабуу — калмактардын согуштук ураанынын бир түрү.
Жабыр баян: I укмуштуу эпикалык айбан. II күчтүү жолборс.
Жагына — күндүз берилүүчү тамак.
Жазайыл — чоң мылтык, замбирек.
Жайсаң — калмак башчысы, зайсаң - князь.
Жамаа — жалпы, түгөл, бүтүндөй.
Жамбы — түрдүү формада жана ар кандай салмакта боло турган акча ордуна жүрүүчү уютулган күмүш, кээде алтын да болот.
Жанч — найза менен саюу, найза менен уруп өтүү.
Жаң-жуң — провинциянын башчысы, кытай генерал-губернатору.
Жапар — кудай аттарынын бири.
Жасат — сөөк, өлүк, дене.
Жасоо — кол (аскер, бирөөнүн кол алдындагы анын таламын талаша турган топ.)
Жебилге — ат жабдыгынын жасалгасы, ат жабуунун чачыгы.
Жезит — жез тумшук, албарсты сыяктуу турмушта жок жаныбар.
Жезнай — чоор сыяктуу музыкалык аспап.
Жекендос — кичинекей, ээр үстүнө салуучу көрпөчө.
Жекесан: I чоң коңгуроонун түрү. II баатырлар кийүүчү кооздолгон өтүк.
Желдет: I өлүмгө буйрук кылынган күнөөлүүлөрдүн жазасын иш жүзүнө ашыруучу адам. II кызматчы жигит.
Жолум — кичирээк боз үй.
Жоро — жолдош, теңтуш.
Жорун — жон (далынын үстүнкү бөлүгү).
Жын — болжол менен алты жүз граммга барабар келген салмак өлчөмү.
3абын — күнөөлү, күнөкөр, себепчи.
3аңгар — түрү суук, эбегейсиз чоң, абдан зор.
3ар: I алтын, II баалуу мүлк, буюм.
3ардал — терең ойлуу, акылман.
3убун — уруу, топ, бөлүк, аскер бөлүгү.
Инжи — бермет.
Казат — согуш.
Казы — шарият жолу менен диндик эрежелердин талабына ылайык иш алып баруучу өкүм ээси.
Кайып эрен — I тоо кийиктеринин пири. II кийиктердин жалпы аты.
Какай — чочко, доңуз.
Какан — кытай падышачылыгы.
Калаба — коогалаң, чатак, чыр-чатак.
Калдай — калмак, монголдордогу административдик мансаптардын бири.
Кандагай — тоо текенин терисинен жасалган баатырлар кийүүчү шым, кээде жалпы эле калың тери, булгаары.
Капчал — аскалуу капчыгай.
Кар — тексиз адам, кул, кордук тарткан, муктаж болгон адам.
Карала — жибек кездеменин түрү.
Кароолу дажаал — мылтыктын кароолунун түрү — башы тоголок кароол (эпосто бул сөз кароолуна илинген жандар соо калбайт деген мааниде колдонулат).
Карсак — бөрү, түлкү сыяктуу жойлоп жүрүүчү жырткыч айбандардын жалпы аты.
Карыпчы — колго кийүүчү соот, жең кап.
Кас буудан — мыкты, таза буудан.
Каттам — жок болуу, өлүү.
Кауз — к. абуз.
Кашка — сапаты, кубаты, баатырлыгы жагынан өзгөчөлөнгөн.
Кебе курсак — чоң курсак.
Кежим — парча, аркагы алтындаган зымдан токулган баалуу кездеме, ошол материалдан жазалган ат жабуу.
Келе — уй.
Кенизек — үй кызматын аткаруучу аял, күң.
Керик — тумшугунда жалгыз же эки мүйүзү бар жапайы чоң жаныбар (носорог).
Керим: I мээрим, жумшак көңүл. II укмуш, шумдук (жылкы жөнүндө).
Кесенде — курт-кумурска, жылан.
Кешмир дуба — окула турган дубанын түрү (эпосто жана жомоктордо сыйкырчылардын дубасы).
Кие — өнүп чыккан түрдүү чөптөрдүн жалпы аты.
Кирич — жааны тартып туруучу жиби.
Кисе: I ар түрдүү майда буюмдар тагылуучу кайыш кур. II оттук жана милте салынуучу кайыштан жасалган баштык.
Киште: I сайманын түрү. II эпосто кээде оюндун түрү катарында да айтылат.
Кобул: I керегеге салынган жылгача. II ичке, келишимдүү, шадылуу манжа.
Кобуш мурун — кырдач мурун.
Койчагыр — эпос боюнча эски мылтыктын аты.
Кол — аскер, кошун, черүү.
Коломсок — саадак, жаанын огун салып жүрүүчү атайын идиш.
Колосолуу — коломолуу — көп, айбаттуу, коркунучтуу.
Коома — калмакча салам берүү.
Корбашы — бир топтун жетекчиси, башчысы.
Корек — азык, тамак-аш.
Кош — жылкычылардын, же согуш учурундагы колдун убактылуу жашап турган жайы.
Кошун — кол, аскер, черүү.
Көй — жалпы, бардык, түгөл.
Көк бараң — бараң мылтыгынын түрү.
Көкөнө — калмак, монголдордун согуш мезгилинде чакырган урааны.
Көк теңир — асман кудайы.
Көлүк — унаа, жүк ташый турган унаа, кээде жалпы эле мингич.
Көңкү — жалпы, көп.
Көөсөр — кем акыл, көөдөк, аңкоо.
Көспант — кой.
Кулак кайчы — ууру.
Купа — томпогой же тумарча кылып калкандын бетине металдан жасалган кооздуктун түрү, купа туулгада да болот.
Кутпа — нике кыюуда окулуучу дуба
Күбөк — кундуз, суусар кармап турган таш капкан.
Күлдү — бүткүл, түгөл, жалпы.
Күрөөкө: I өтө таза жибектен жасалган тыш кийим. II жибекке алтын кошуп иштелген хандардын кие турган тону. III соот, чопкут.
Күчүгөн — көк жору.
Кылкыял — оюу чийүүдө колдонулуучу түрдүн аты.
Кыяк — согушта жоокерлер кийүүчү соот, чарайна.
Лаайлама — калмакча кудай деген сөз.
Лаанат — будда дининдегилердин сыйына турган кудайы.
Лагил — асыл таш.
Лөк: I нар төөнүн эркеги. II өтмө мааниде — баатыр, балбан.
Маала — айыл, кыштак.
Мажилис — жыйналыш, жыйын.
Майкана — кагылган добушу аркылуу айланага кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы.
Мал болуу — айыгып кетүү, оңолуу.
Манат — макмал сыяктуу жука, тыгыз түктүү, көбүнчө кызыл түстөгү кездеме.
Мандили — I аялдардын баш кийиминин аты. II кездеменин аты.
Мар — жылан.
Мара — кымбат баалуу кездеменин түрү.
Меш — эркечтин терисинен жасалга чоң чанач.
Милтелүү булбул — кооз, сайроочу чымчыктардын түрү, үнү муңдуу, сайроочу чымчык.
Молтолуу дуба — сыйкыр дуба, адамдын башын амал менен айландыруучу дуба.
Морун — жылкы.
Мөндү: I калмак, кытайлардын согуш урааны. II калмакча салам берүү.
Мубакул найза — түпөк тагылган, түпөгү бар найза.
Мупту — шариятты түшүндүрүүчү дин кызматчысы.
Мурдар — билимсиз, маанисиз наадан.
Муршап — Кокон хандыгынын тушундагы түнкү күзөтчүлөрдүн
башчысы.
Мылал — күдүк, күмөн.
Мыршап — к. муршап.
Наал — өтүктүн такасына кагылуучу темирден же жезден жасалган така.
Наама: I музыкалык аспап. II ыйык китеп (эпос боюнча).
Наапа — эки дөңгөлөктүү, чүмкөмөсү бар араба.
Нагыра — барабан сыяктуу музыкалык аспаптын түрү.
Накер — башы учтуу, тумшугу өйдө кайкалаган баатырлардын кооздолгон ок өтпөс өтүгү.
Накыл — осуят, акыл сөз.
Нанүштө — эртең мененки тамак.
Напы — кайьгр, пайда.
Наштар — кан алууда, жараны чегүүдө колдонулуучу ичке, учтуу бычак.
Несаана — чага турган чымын-чиркейдин түрү.
Нонок — чоркок, сөз билбес, маанисиз.
Оолат — урук-журат, тукум.
Оорук — жортуулга чыкканда чалгынга катышпай калган аскерлердин негизги бөлүгү жаткан жай, аскердин тылы.
Ордо: I хан турган жай, хан сарайы. II жасалгалуу, асемдүү, жакшы боз үй.
Оройпа — жаанын огу.
Отого — баш кийимге тагылуучу куштун канаты, же таш.
Отоо — чакан өргөө, жеңилдетилген кичинекей боз үй.
Очогор — эпостогу баатырлардын мылтыгынын түрү.
Өкүмөт — бийлик.
Өкчө — өтүктүн такасы.
Өм — өтө көп.
Пайна — калмакча ураан чакыруу.
Панжа — беш аскердин башчысы.
Панжара: I темир тор тосмосу. II терезенин кашеги.
Саадак — жаа. Жаа, жебе кап.
Сай — ылгый, өңкөй, жалаң.
Сайкашка — өңкөй мыкты, өңкөй баатыр.
Сан — он миң, көбүнчө эбегейсиз көп, ченемсиз көп деген мааниде колдонулат.
Санам — кымбат баалуу кездеменин аты.
Сандугач — булбул мисалдуу чымчык.
Санталак — шүмшүк, ант ургур, митаам.
Саңоор — куштардын санынын тегерегиндеги жана куйрук алдындагы жумшак жүнү.
Сара — мыкты, тандалган, таза.
Сарала — кымбат баалуу кездеменин түрү.
Сардал, кээде сардар — башкаруучу, мыкты, билерман.
Саркер — аскер башчы.
Сарпай: I кымбат баалуу кездеме. II ошол кездемеден жасалган кымбат баалуу кийим, сый тон.
Себил — курал-жарак. «Серпкени өлгөн себилсиң» — бул сөз айкашында себилдин туюнтмасы — кыраан куш же жырткыч айбан.
Себилдүү — жарак-жабдыктуу.
Селебенин кабы — селебе — узун, түз кылыч, чоң шамшаар.
Селебенин кабы — шамшар бычактын кыны.
Соолон — кымбат баалуу кездеменин түрү.
Соот — жоокерлер согушта кийүүчү чарайна.
Сундуң — кытайлардагы аскердик даража; кытай кыштагынын башчысы.
Супа саадак чалганда — таңдын эресеси, таң ата баштаганда.
Сыбызгы — дабышы ичке чыккан музыкалык аспап.
Сыйыр — уй.
Сыргак — кыраан бүркүттүн түрү.
Сырнайза — баатырлардын найзасынын түрү.
Сээр — сыйкыр, дуба.
Сээрчи — сыйкырлоочу, дубалоочу адам (сыйкырчы, дубакөй).
Саяс — эпосто аюунун бир түрү.
Таа-таа: I кытайча «ур» деген сөз. II согуштук ураан.
Табирчи — эптүү, жөндөмдүү.
Тайпы — уруу, эл.
Тай туяк — тайдын туягына окшоштурулун уютулган акча ордуна колдонулуучу күмүш.
Таканак — алгыр куштардын санынын тегерегиндеги жүнү.
Танап — боо, керилген жип.
Таш — алыстык өлчөмү — бир таш жер сегиз чакырымга барабар.
Тилсымат — сыйкыр, дуба.
Тинтүүр — жараны тилүү үчүн пайдаланылуучу ичке аспап.
Тон-тоноо — кийим-кече, курал-жарак.
Тон — замбирек, кээде замбиректин огу.
Тоорулчу — чалгынчы.
Торгун — жибек кездеменин түрү.
Торко — жибек кездеменин түрү.
Төө мылтык — эпосто колдонулуучу чоң мылтык, төөгө жүктөп жүрүп атууга ылайыкталган кичирээк замбирек.
Төрөзаада — төрөнүн тукуму.
Тул — эри өлгөн аял эринин кебетесине окшоштуруп жасап, өлгөн күйөөсүнүн чапанын жаап, үстүнө анын баш кийимин коюп, көшөгө тартып, бурчка отургузуп ашын бергиче сактоочу сөлөкөт, каралуу аял.
Тулум — узун чач.
Туулга — согуш учурунда баатырлар кийүүчү болоттон жасалган баш кийим.
Түмөн — он миң; көп, мол.
Түпөк — найзанын уч жагына тагылуучу топ кыл.
Тыйтай — эпос боюнча кытайларга берилүүчү согуштук даража, б.а., губерниялык аскер башчысы.
Убара чаркөө — кээде жапайы адам, кээде турмушта жок жез тумшук сыяктуу айбан.
Удайчы — хандын, төрөнүн буйругун аткарып жүрүүчү жан жөкөрү.
Учуга — баалуу кездеменин түрү.
Үкүр — уй (калмак тилинде).
Үртүк — кооздолуп жасалган ат жабуу.
Чага — калмак, моңголдордун согуш учурунда бири бирине дем бериш үчүн чакырган урааны.
Чантуу — эпосто кытай же калмак тарабынан мусулман деген сөздүн ордуна айтылат.
Чарайна — жоокерлер согушта кийүүчү соот.
Черүү — аскер, кол.
Чилмардан — тегерек алкакка жаргак капталган музыкалык аспап.
Чилтен — мифологиялык түшүнүктө адам көзүнө көрүнбөгөн, укмуштуудай касиетке ээ болгон жакшылык кылуучу дух.
Чопкут — баатырлар согуш учурунда кийүүчү ок өтпөс тон, соот.
Чочпара — акча ордуна жүрө турган анча чоң эмес уютулган күмүш. Эпос боюнча кээде алтын түрүндө да жолугат.
Чукак — тартыш, кемчил, аз.
Чүчтө — жука ак материал.
Чыйтай — кытай, монголдордо кенже аскер кызматчысы.
Чымылдык — музыкалык аспаптын түрү.
Чыңоол — кароол. Күзөт.
Чыңыроон — жоокерлерге кабар берүүчү жез түтүктөн жасалган музыкалык аспап.
Шаа — падыща, шах.
Шаймерден — эпостук баатырлар кайрылуучу жана жардам суроочу жогорку күч, жигиттердин колдоочусу.
Шалдыркан кисе — кооздоп, чачыктуу кылып жасалган кисе.
Шаңшуур — күмүш жамбынын түрү.
Шап — канжар, бычак.
Шуудур — төө.
Шымал — түндүк тарап.
Шыпты кашка — шар, чечкиндүү, ыкчам, шамдагай адам жөнүндө. Кээде анык баатыр деген мааниде.
Ыспан — шаардын аты.
Эге — кудайдын аты.
Эгей шыгай — баатырлык күч жагынан бири-биринен кем калбаган, пар келген.
Эгем таала — баарынан жогору турган кудай, алда талаа дегенди билдирет.
Эгиз — бийик тоо.
Эрөөл: I жекеге чыккан сайыш, чабыш. II чалгынга чыгуу.

