АЛООКЕ КАНДЫН АНЖЫЯНДАН КАЧЫШЫ
Карап туруп атакең
Кара жандан тойгону,
Анжыяндан кетүүнү
Атакең анан ойлоду,
Кеткенден бөлөк кейиш жок
Кейишсең тирүү калбайсың,
Тирүүлүктөн бейиш жок.
Качуу керек кайгы жок,
Өз тууганга баруудан
Өзөк кылар айбы жок.
Бекерге айтпа сөзүңдү,
Бейпай кылба чантууга,
Бээжинге алып бар өзүмдү,
Көсөл Манас бир барар,
Көрөмүн шондо күчүңдү!
Ал сөздү айтып Алооке,
Жүк артканы токсон нар,
Каралап калган канына,
Канынын калган жанына
Жыйырма беш миң киши бар.
Атасынан уккан соң
Коң төрө тили байланды,
Көңкү журту баарысы
Көчөрүнө шайланды.
Үй кылышты чатырдан,
Жогунда көчүп кетүүгө
Коркуп Манас баатырдан,
Алооке сындуу улук кан,
Катарында канча жан.
Каарына чыдабай
Кан Алооке Манастан
Кеткен экен ушундан.
Төрт ай жарым жүрүшүп
Кыргыздын келди Манасы,
Бошоп жери калыптыр
Анжыяндын калаасы.
Катарлаш болуп Кошойго,
Кара тейит, найманга
Кабардаш болуп ошого,
Кыйырдаш болуп кыпчакка,
Кышында кирип кышташып
Кара-Өтөктүн кыштакка
Жата турсун Манасың.

