Яндекс.Метрика

Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши

Кең нойгутта турганда

Акбалта аттуу даңкым бар.

Балам, Манас, чырагым,

Эл деген кыйын турбайбы,

Менин эл сагынган кайгым бар!".

Акбалта айтып ар кыл сөз,

Уруксат сурап токтоду.

Курбусу Жакып муну угуп,

Ичи күйүп чок болду:

"Кетмек болдун жериңе,

О, Акбалта курдашым,

Капкайда тентип жүргөндө,

Кадырым билген сырдашым.

Кече Орозду атам өлгөндө,

Кара калмак, көп манжуу

Кайнаган калың кыргыздын

Казына мүлкүн талашып,

Камчыга ченеп бөлгөндө,

Кабакка конгон айлы жок

Кайда кеткен дайны жок,

Алтайга барып кайгырдык,

Акбалта өзүң билесиң,

Биз, ошентип, ага-иниден айрылдык.

"Бапанга* кетти башыбыз,

Оозго жетпей ашыбыз,

Санаалуу болдук канча жыл,

Сакалга тамды жашыбыз.

Алтайга барып айдалып,

Айланы таппай сандалып,

Анда арка болуп мен турдум,

Ата болуп сен турдуң.

Жетилип алып Алтайдан

Көчүп бери кайрылдык.

Көк жалым Балта эсен бол,

Көрүнөө сенден айрылдык.

Айлыңа кетсең Акбалта,

Аңгеме дүкөн курай жүр,

Алыста Манас балаңдын

Ал-абалын сурай жүр.

Өөдө чыкса, өбөк бол,

Өлүмгө орток Акбалта

Ылдыйга түшсө жөлөк бол.

Калкыңа сен да караан бол,

Канча жыл аздык эл-журттан

Курдашым Балта аман бол!".

Акбалта, Жакып бул жерден

Айкалышып көрүшүп,

Болкулдашып ыйлашып,

Моюн эттен өбүшүп,

Кутубий ээрчип артынан,

Акбалта кетти элине,

Кошой кан кетти жерине.

Адам өлөр шерт кылып,

Убаданы бек кылып,

Ак буудай унун чайнашып,

Арыстандар колду кармашып,

Ар кимдин жери көрүнүп,

Кең-Өзөнгө келгенде

Көч үч сайга бөлүнүп,

Бер жакта калган кыргыздар

Бет ала көчтү Таласты,

Медер кылып ошондо,

Жакыптын уулу Манасты.

Сары-Өзөн бойлоп көчүшүп,

Кардуу тоону жакалап,

Эми күн батыш көздөй өтүшүп,

Келберсийт көк жал эр

Манас Ат бороюн сыдырып,

Керилген түптүз талааны

Келе жатат кыдырып

Баатырың жер өлчөгөн чак экен,

Бир жерди карыга чейин чукуса,

Түбүндө алтын бар экен.

Эми Манас кеп айтат:

"Байкаңар журтум, - деп айтат.

Бул өзөндү мекен кылгандар,

Башынан жердеп тургандар

Кагыштан чыкпас эл экен.

Бет алышкан жоо чыкса,

Белсенишкен доо чыкса,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.