Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Сүргөн экен бул калмак

Ошондогу көп элди.

Азыр турган жериңер

Алтай тоонун арасы.

Ала-Тоого жетпесек,

Элиңдин кетер чамасы!".

Айтып Манас токтоду,

Ал жыйылган көп элде

Кой дээр киши жок болду.

Акылмандын баары бар,

Ак сакал Жакып дагы бар.

"Манастын сөзү макул" — деп,

Баш ийкеген чагы бар.

Сары казы, жал берип,

Кымызга чайкап, бал берип,

"Тарагын, - деди, көпчүлүк!

Так он беш күндөн калганың,

Башыңа түшөр көп түлүк.

Атка минип, эрбейген,

Найза кармап, сербейген,

Адаммын деп дердейген

Азаматтан калбасын!

Казан асып, кар салган,

Катын алып, үй тиккен

Кары, жаштан калбасын.

Сундуруп найза салчуулар,

Жулкушканын алчуулар

Журтта жатып албасын.

Союл чабар камбылдан,

Жоопко жүйрүк, даңгылдан,

Балтыры жоон, балбандан,

Басташканын алгандан,

Кылыч чабар машынан,-

Кылайып бирөө калбасын!

Айбалта чабар ыктуулар,

Айбаты артык мыктуулар

Айылда жатып албасын.

Жол адашпас жерчиден,

Жолду билген ченчиден,

Өнөрү бар өткүрдөн,

Өлүмдөн коркпос жеткирден,

Молтолуу дуба* билгенден,

Болумдуу күлүк мингенден,-

Асты бирөө калбасын!

"Айткан Манас сөзү" - деп,

Аңдабай жатып албасын,

Алыска сапар жүрөбүз,

Азыгын арбын камдасын!

"Барскан чапкан усталар

Бейкабар жатып албасын.

Бабамдан калган жерди алам,

Бар жарагын шайласын!

Келгенди черүү* алармын

Керденкечтик* кылганды

Мен качанга күтүп чыдармын?

Жүргөндү жолго алармын,

Жүрөгү майсыз, жүүнү бош

Жаманды эмне кылармын?

Ойротко* айтам мен Манас,

Ойнойт экен Манас деп,

Ойлобосун кары-жаш.

Кылымга айтам мен Манас,

Кыят беле бизди деп,

Кыйшаңдабай жолго бас!

Уктуңарбы баарыңар?

Улуу-кичүү карыңар?!..".

* * *

Эки ай мурун эр Манас

Элге кабар салганы;

Чубак менен Ажыбай

Чакырчууга барганы.

Ажыбайды бек койгон,

Айтканын болсун, деп койгон.

Жер жайнаган кол менен,

Аксыдан ашып, жол менен

А да келди, кол менен.

Кошойго болгон кайната,

Кошуунун алып жайната,

Ат арытып жол менен

Алыстагы Мунар кан

А да келди кол менен.

Канчасы аяр, айлакер,

Эсебин санап биле бер.

Бегиш, Көйүш бектери

Жер майышкан кол алып,

Булар да келип калыптыр.

Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу,

Көк асаба, көпкөк туу,

Көк жадырган улуу чуу.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.