Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Кошой доого келиши

Лоб дайранын четинде,

Урааны кыргыз улуу журт -

Атасы Нойгут эл экен,

Ал Нойгутту сураган

Карача деген кан экен.

Карача, калмак кыргызга

Кол салганын билиптир.

Ороздунун уулу деп,

Улак канды алып кириптир.

Дегенине көндү, дейт,

Кызыл көйнөк, найча бел,

Кылтылдаган сулуудан .

Катын алып берди, дейт.

Нойгуттарга тең болуп,

Орунтуктуу жан болуп,

Кымыз ичкен мастыгы,

Кыялы чатак жаштыгы

Бүтүн бойдон жоголуп

Дуулап жүрөт деп угам,

"Туугандан кабар барбы?" - деп,

Келген менен кеткенден

Сурап жүрөт деп угам.

Эрен да ошол, эр да ошол,

Эреним сенин өзүңө

Жолдош болор шер ошол.

Тууганың Манас келди деп,

Алты күлүк ат берем,

Улак кандын өзүнө

Алакандай кат берем.

"Үзүлгөндү улайлы,

Чачылганды жыйнайлы,

Жоголгон жокту табалы,

Журт айласын кылалы!".

Деп, ошентип эр Кошой,

Билбегенди билгизип,

"Оомийин!" - деп кол жайып,

Манасты жолго киргизип,

Акылың абаң бек айтып,

Айдоодо жүргөн кыргыздар

"Балам, аманат сага!" - деп айтып,

Кан Кошойдон бата алып,

Кыраан Манас көк жалын

Кайрат менен аттанды.

Көк жалдын түрү көрүнүп,

Көргөндүн көөнү бөлүнүп,

Күп-күп этип күүлөнүп.

Күркүрөп көк жал сүйлөнүп,

Эки жакты каранып,

Эрди-мурдун жаланып,

Астындагы Аймаңбоз

Куландай кулак жапырып,

Куюнча жерди сапырып,

Желгенине жел жетпей,

Желдей сызды Алтайга,

Басканына мал жетпей,

Бачым жүрдү Алтайга.

Өзү көргөн жол менен,

Өзөндүү булак суу менен

Эрениң кайдан аянды

Кара кырда Талмазар,

Талмазарды таянды.

Адыр-будур жерлерди

Басып кетип баратат,

Арыстанындын кырк жолдош,

Кыркын көрсөң, кырк жолборс,

Булар шашып кетип баратат.

Булуттуу көктүн астынан,

Мууңду чөптүн үстүнөн

Көзгө илешпей, мыйзамдай,

Сызып кетип баратат!

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.