Яндекс.Метрика

Манаска тизгин берилиши

Камбарбоздун үйрүнөн

Кармап алып тогузду,

Баарын бирдей сойдуруп,

Жер очогун ойдуруп,

Ата уулдан түк койбой,

Алтайлыктын элинен

Алды Манас чакырып

Азы менен көбүнөн.

Башка уруктан маңгул бар,

Баатыр Жайсаң, дагы бар.

Күлдүр, Калдар беги бар,

Манжурия журтунан

Бала Мажик эри бар.

Баштатан Дөгөн кары бар.

Андан бөлөк бул жакта

Алтайлыктын баары бар.

Алчын, Үйшүн, Найман бар,

Аргын, Кара кожо бар,

Абактардын ичинде

Айдаркан баатыр кошо бар.

Абасы Бай башында,

Жакып менен Акбалта

Дагы олтурат кашында.

Ушул жерде Бай экен

Күмүш сакал карысы,

Күтүп турган чагы экен,

Күлдү кыргыз баарысы.

Эми абасы Бай кеп баштайт,

Кеп баштаса, деп баштайт:

"Төгөрөктүн баарынан

Түрө келдик калайык,

Айлананын баарынан

Арбын келдиң, калайык.

Эсен кандан кол келип,

Эчен кайта мол келип,

Ортодон чыгып жоо болдук,

Ошо, камаса, кайдан соо болдук.

Тукум калбай кырылып,

Тумшугубуз катпайлык.

Туюкта минтип жатпайлык.

Ургаачыңды күң кылып,

Таң атпаган түн кылып,

Эркегиңди Эсен кан

Таманга басып жүн кылып,

Сатыкка салып кул кылып,

Сандыкка салып пул кылып,

Санабай малын айдатып,

Сайкашкаңды жайлатып,

Айдап жүрүп кырбасын,

Ар тарапка сайлатып.

"Баарыңарга эп болсо,

Бай абаң айткан кеп болсун,

Камданган болуп калалык;

Кашыңа келсе зордукчу,

Каяша кылып туралык.

Балдар, башчысы болбой марыбайт,

Баш-аламан жарыбайт.

Камдуу журт жоого кор болбойт,

Жарактуу киши зар болбойт..

Жайыт болбой мал болбойт,

Жабылса душман жан койбойт.

Калкалайм десең жаныңды,

Калдайган журтум биригип,

Көтөрүңөр каныңды.

Кандуу журт болуп калалык,

Калаба кылса кытайлар,

Кайрат кылган бололук.

Өлүп калсак кокустан,

Бир чуңкурга тололук.

Тирүү болсок баарыбыз

Бир дөбөдө бололук.

Бели катуу бирөөнү

Бек көтөрүп коёлук.

Калкка кабар салалык,

Кайраты бар бирөөнү

Кан көтөрүп алалык.

Калмак, кытай кол салса,

Каруу, жарак асынып,

Каршысына баралык".

Бай аба мындай дегенде,

Жандын баары күңгүрөп,

"Жакшы кеп!" - деп дүңгүрөп.

"Бара келде эп экен,

Бай абаң айтар кеп экен!

Кана чыгыңарчы, каныңар,

Чыгым тозор жаныңар!

Чыңданыңар баарыңар:

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.