Яндекс.Метрика

Бакайдын атасы байдын Алтайга барыши

Кабарын айтып өтүптүр.

Камбардын уулу Айдаркан,

Казактан чыккан мыкты жан,

Жакыпты карай жол алып,

Жер майышкан кол алып,

Жете келген турбайбы.

Ат жеткен жердин кыргызы

Эми издеп чыкты бул жайды.

* * *

Нескаранын калың кол

Бай Жакыптын Кең-Арал

Аягы менен өтүптүр;

Эки күнү жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Маңгулга кирип кетиптир;

Маңгулдун жайытта жаткан

жылкысын,

Тийип алып качыптыр.

Аны көргөн мангулдар

Улуу черүү кол менен

Адамы ыксыз мол экен

Жоонун изин басыптыр.

Жайсаңбай деген бай экен,

Как ошондо Жайсаңда

Он миң жылкы бар экен.

Арт жагынан акырып,

Айгайлашып бакырып,

"Жоологонуң ким? - деди.

Жообуңду айткын тим!" - деди.

"Буруттун шумдук баласы,

Кайда болот, айтыңар,

Жакып чалдын Манасы?

Издегеним ошол, - деди,

Ошону издеген кол" - деди.

Анда булар кеп айтат:

"Кулан-Жайлоо, Куу-Түздө

Манас, Жакып бул кезде.

Айтыңар, - деди, кебиңди,

Аскер башчы бегиңди.

Бизде бар болсо алгын, - деп,

Мурунтан калган кегиңди".

Жайсаңбай айтып салганы,

Аны укканда Нескара

Дөөсүнө кабар кылганы.

"Биз дайрадан чыктык жол менен,

Чаң созулткан кол менен.

Бул Жакыптын өзү го,

Бизди алдай турган кези го?

Бурут Жакып болбосо,

Башкада мындай мал болбойт.

Кутулуп кеткен турат ко,

Кууланган ушул чал оңбойт.

Жылуу-жумшак кеп уруп,

Жылкыңды берем деп туруп,

Мойнуна укурук салалы,

Бортоңдогон бул чалдын

Өзүн кармап алалы".

Нескара акыл чыгарды

Нөкөрлөрү кубанды.

Жайсаңга жакын турганы,

Эми Нескара кепти урганы:

"Айдабайлы жылкыңды,

Ачпайлы сенин уйкуңду,

Чачпайлы асти мүлкүңдү,

Жайсаңбай жакын кел, - деди.

Сенин кылган кызматың,

Жакыптын уулу Манасты

Таап кармап бер" - деди.

Анда Жайсаң кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Келген сенин жолуңда,

Ушул жактын тоолорун

Көргөн киши жок беле

Кайнаган калың колуңда?

Ал калды сенин артыңда.

Катыла албайм коркомун

Бала Манас баатырга!

Алыша кетер шайым жок,

Айдап берер малым жок.

Жылкым түгүл жып-жылас,

Айлымды чаап кетсең да

Кармап берер табым жок".

Ушуну айтып Жайсаңбай,

Карап турду жайма-жай.

Айтканын угуп турганы,

"Бери жакын бастыр"- деп.

Нескара айта салганы.

"Чалар жолуң чалыңыз,

Чарпышар жерге барыңыз,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.